Шойгу Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Ахмадиян менен жолукту

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Санкт-Петербургда өтүп жаткан БРИКС жана БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрүнүн жолугушуусунун алкагында Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян менен эки тараптуу жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Ахмадиян Санкт-Петербургга россиялык кесиптешинин чакыруусу менен БРИКСтин жогорку өкүлдөрүнүн жыйынына катышуу үчүн шейшемби күнү келген.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Шойгу Россия Москва менен Тегерандын ортосундагы жаңы базалык мамлекеттер аралык келишимге жогорку деңгээлде кол коюуга даярдануу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды аяктап калганын билдирди.

“Коопсуздук Кеңеши линиясы аркылуу кызматташтыкты арттырууга даярбыз. Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын иш жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөөнү улантып жатабыз. Жаңы базалык мамлекеттер аралык келишимдин тез арада түзүлүшүнө ишенебиз. (Россия менен Ирандын) президенттеринин кол коюусуна документтерди даярдоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды аяктап калды”, – деди РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Анын айтымында, Ирандын БРИКСке кошулуусу коопсуздуктун бирдиктүү жана бөлүнгүс стратегиялык архитектурасын жана адилеттүү полицентрдик дүйнөлүк тартипти калыптандыруу үчүн анын мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн сапатын жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Шойгу Ахмадиянга үстүбүздөгү жылдын август айынын башында Тегеранга болгон жумушчу сапарында Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы баштаган орус делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Шойгу ошондой эле Россия Зангезур коридору боюнча Тегеран менен буга чейинки келишимдерди карманарын, Москванын бул боюнча саясаты өзгөрбөгөнүн билдиргенин IRNA агенттиги жазды.

Эске салсак, Иран Азербайжанды Армениянын аймагы аркылуу Нахичеван менен байланыштыра турган Зангезур коридор долбооруна каршы. Эгер бул долбоор ишке ашырылса, Арменияны Ирандан ажыратат б.а. түз чектешпей калат. Жакында эле Зангезур долбоорун Москванын колдогонуна байланыштуу 3-сентябрда Иран ТИМи Россиянын элчисин чакырган.

Бул маселе боюнча Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи билдирүү жасап, коңшу өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандайдыр бир коркунучту же чек араларды кайра чийүүнү Иран үчүн кызыл сызык деп атаган.

Мындан тышкары, ал Перс булуңундагы Иран аралдарына (Абу Муса, Чоң Томб жана Кичи Томб аралдары) байланыштуу Москва Иран Ислам Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян өз кезегинде Иран Россия менен бардык тармактарда, өзгөчө экономикалык тармакта кызматташууну арттырууга даяр экендигин баса белгиледи.

БРИКС жана БРИКС+ мамлекеттеринин коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрүнүн XIV жыйыны 10-сентябрдан 12-сентябрга чейин Санкт-Петербургда өтүп жатат.

Салт боюнча, БРИКС саммитинин алдындагы мындай жолугушууларда улуттук, аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле бул форумдардын катышуучу-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланат.

Делегациялардын башчылары эки тараптуу форматта да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Буга чейинки XIII жолугушуу Йоханнесбургда (Түштүк Африка) 2023-жылдын июль айынын аягында өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *