Экономист: Иран – Израиль жаңжалы курчуп кетсе дүйнөлүк экономикага чоң таасирин тийгизиши мүмкүн

Иран — Израиль жаңжалы курчуп кетсе дүйнөлүк экономика монетардык инфляцияга кептелиши ыктымал. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтмында, Араб мамлекеттеринен чыккан мунайдын 30 пайыздан ашыгы Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул дүйнөлүк экономикада Ирандын орду чоң экенинен кабар берет.

“Бүгүнкү күндө Иран – Израиль конфликти курчуп кетсе дүйнөлүк экономикага чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени бул — ири экономика байланган мунайды өндүрүүчү да, керектөөчү да өлкөлөр үчүн ыңгайсыз сценарий. Мунай өндүргөн араб мамлекеттери Европага экспорттогон продукция Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өтөрү маалым. Ал эми Иран зарылчылык жаралса бул кысыкты жаап коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин жашырбайт. Учурда Европа өлкөлөрү бул багытта так кесе ойлорун айта албай, унчукпай турушкандай. Ал эми АКШ өз өлкөсүндөгү президенттик шайлоону тынч өткөрүп алууну көздөөдө. Иран — Израиль ортосунда чырдын курчуп кетпей тынчтык менен өнүгүүгө кызыкдарлыгын ачык билдирген Россия менен Кытай гана болуп турат. Бирок Израиль дайымкы колдоочусу АКШнын жардамы менен жасап келген агрессиясын токтотпосо, Иран да чечкиндүү кадамдарга барып, жыйынтыгында дүйнөлүк экономикада, биринчи кезекте Европада мунай тартыштыгынан чоң кризис жаралышы мүмкүн”, – деген Мамытов.

Эксперт 1973-жылдагы “алты күндүк согуш” деген ат менен элдин эсинде калган Израиль — араб өлкөлөрүнүн кагылышындагыдай дүйнөлүк экономикада “негативдүү шок” кайталанышы ыктымалдыгын кошумчалды.

Эске салсак, 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урган. Иран бийлиги “Садег-2” операциясынын алкагында Израилге карай 200 ракета учурулганын анын натыйжасында жөөт мамлекетинин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирген. Анын максаты ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын, “Хезболланын” лидери Хасан Насралланын өлүмүнө, ошондой эле ливандык жана палестиналык жайкын тургундардын өлүмүнө жооп экени айтылган.

Израил армиясы Ирандан болжол менен 180 ракета атылганын, алардын 90%ы абада жок кылынганын билдирген. Коргонууга АКШ да жардам көрсөткөн.

Ага чейин дагы Иран 13-апрелге караган түнү Израилдин аймагына учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку уруп, муну Дамасктагы өзүнүн консулдугуна жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүргөн.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниэл Хагари Иран кол салуунун олуттуу кесепеттерин тартарын эскерткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *