Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыш) кырдаал боюнча консультацияларды улантуу максатында Иорданияга барган Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи бүгүн эртең менен Иорданиянын королу Абдалла II менен жолугушту.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багайи Telegram-каналынан билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иорданияга келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Иран министри сапарынын алкагында Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак жана Оманга барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт.
Маалыматка караганда, бул жолугушууда Аракчи сионисттик режимди геноцид жана согуш тутандырууларын токтотууга мажбурлоо үчүн аймактын өлкөлөрү менен Ислам дүйнөсүнүн ортосунда көбүрөөк кызматташтык жана тилектештик зарыл экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле Газа жана Ливандын жер которгон элинин өтө өкүнүчтүү абалына тынчсыздануусун жана өкүнүчүн билдирип, аларга гуманитардык жардамды чогултуу жана жөнөтүү үчүн ислам өлкөлөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого чакырды.
Иорданиянын Королу өз кезегинде аймактагы учурдагы кырдаалга чоң тынчсыздануусун билдирип, Иордания аймактагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоого багытталган ар кандай жардамга жана демилгелерге жана процесстерге катышууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого жардам берүү үчүн аймактык окуялар боюнча консультацияларды улантууга даяр экендигин баса белгилешти.
Белгилей кетсек, Ирандын ТИМ башчысы андан мурда Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ас-Сафади менен жолугушуп, эки тарапты тең кызыктырган темаларды жана аймактагы учурдагы окуяларды талкуулашкан.