Иранда Али Хаменеини акыркы сапарга узатууга 35 миллиондой адам келиши мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин чабуулунда шейит болгон Ирандын экинчи жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи менен коштошуу, жаназа окуу жана жерге берүү аземдерине карата ири масштабдагы аза күтүү иш-чараларына даярдык жүрүп жатат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, өлкөнүн ар кайсы шаарларында өтө турган аземдерге жалпы 35 миллионго чейин адам катышышы мүмкүн.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча полициянын жетекчисинин маалыматына ылайык, коомдук тартипти сактоо жана транспорт агымын жөнгө салуу максатында өлкө боюнча күчөтүлгөн даярдык режими киргизилди. Өзгөчө көңүл эң көп адам чогулат деп күтүлүп жаткан Тегеран, Кум жана Мешхед шаарларына бурулат.

Жарыяланган графикке ылайык, Хаменеи менен коштошуу аземи 4–5-июль күндөрү Тегерандагы “Мосалла” комплексинде өтөт.

Негизги аза күтүү зыйнаты 6-июлда Кум шаарында өткөрүлөт. Андан кийин, 8-июлда маркумдун сөөгү Иракка жеткирилет. Ал эми акыркы коштошуу жана жерге берүү аземи 9-июлда Мешхед шаарында өтөрү пландалууда.

Өлкө калкынын 30дан 35%га чейинкиси аза күтүү иш-чараларына катышышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Тегеранда 6 миллиондон 17 миллионго чейин адамдын келиши күтүлүүдө. Кум шаарында 3–5 миллион, ал эми Мешхедде 3,5–8 миллионго чейин адам чогулушу мүмкүн. Жалпысынан өлкө боюнча катышуучулардын саны 35 миллионго чейин жетиши ыктымал.

Жол кыймылын уюштуруу жана транспорттук тыгындардын алдын алуу үчүн жол полициясы жана тиешелүү кызматтар бир нече кеңешме өткөрүштү. Ар бир азем өтө турган жерге жана убакытка жараша транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр жана тыюу салуулар киргизилет.

Көрүлө турган чаралардын катарына айрым көчөлөрдү жабуу, коомдук транспорттун жана унаалардын каттамдарын өзгөртүү, шаарлардын кире бериштеринде көзөмөлдү күчөтүү жана зыяратчылардын агымын жөнгө салуу кирет.

Полициянын негизги милдети — аземге катышкан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын туруктуу иштешин сактоо жана транспорттук системада олуттуу үзгүлтүктөргө жол бербөө.

Алдыдагы аза күтүү иш-чаралары Иранда акыркы жылдардагы эң ири жана эң көп адам катышкан аза күтүү аземдеринин бири болушу мүмкүн.

Ошондуктан өлкө бийлиги негизги иш-чаралар өтө турган ири шаарларда коопсуздук, логистика жана жол кыймылын жөнгө салуу боюнча комплекстүү планды алдын ала даярдап жатат.

Мындан тышкары, бийлик өкүлдөрү коштошуу аземин өткөрүүнүн өзгөчө вариантын да карап жатышат.

Маалыматтар боюнча, акыркы сапарга узатуу жүрүшүнүн айрым бөлүгүн аба транспорту аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул чечимге Хаменеи менен коштошууга өтө көп адам келери күтүлүп жатканы себеп болууда. Бийликтин пикиринде, аба транспорту колдонулса, элдин топтолушун жакшыраак көзөмөлдөөгө жана тыгын же адамдардын тебелендиде калышы сыяктуу кооптуу жагдайлардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.