БИШКЕКтеги Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков маалымат жыйын өткөрүп, Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан өзүнүн дарегине айтылгандарга жооп берди.
Жумабеков мамлекеттик мекемени эч кандай менчиктештирүү болбогонун айтып, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага жалган жалаа жаап, далилсиз сөздөрдү айтып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, Сабырбек Жумабековду БИШКЕК травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун менчиктештирип алууга айыптаганы тууралуу маалымат тараган.
Ошондой эле ал аталган илимий борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү айтылган.
Сабырбек Жумабеков президентке кайрылып, БИШКЕК травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун сактап калууну өтүндү.
«Мен илимпоз катары, академик, врач, мекеменин жетекчиси катары сизге кайрылам, оорукананы сактап калыңыз. Менин кол алдымда 900 адам иштейт, 500 адам жатып дарыланат. Жылына 14 миңге жакын адамды дарылайбыз. Бул илимий борбор өсүшү керек, анын статусун улуттук илимий борборго айлантуу керек. Мен сизге да кирип, долбоорду көрсөткөм. Февралда өзүңүз келип, капсула салмаксыз. Ал эми министр Бейшеналиев ага жол бербейм деп жатат, себебин түшүнбөй жатам. 20 млн сом бөлдүрүп, жаңы долбоорду жасаттыңыз. Анан эмнеге иш токтоп калганы түшүнүксүз. Эгер мен эле сиздерге жолтоо болуп жатсам, анда арызымды бүгүн жазып берүүгө даярмын», — деди Жумабеков кайрылуусунда.
Сабырбек Жумабеков 2004-жылдан бери Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору.