АКШ Ооганстанга 20 жылдын ичинде 2 трлн. доллар сарптаган

АКШнын Ооганстанда 20 жыл болушунун натыйжасында 240 миң киши каза болуп, 2 трлн. доллардан ашык каражат сарпталды.

Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлгө алуу максатында АКШ өлкөдө 20 жыл бою өз аскерин жайгаштырган.
Браун университетинин Коомдук байланыштар жана эл аралык иштер институту 2001-жылдын күзүндө башталган АКШнын Ооганстандагы согушунун баасы 2,26 трлн. долларды түзгөнүн жарыялаган.
 Белгилей кетсек, бул чыгымдар Американын Коргоо департаменти жана Мамлекеттик департамент тарабынан каржыланган.
Ошондой эле, бул согуштун натыйжасында 241,000 адам түздөн-түз өлтүрүлгөн. Акыркы 20 жылдагы согушта жалпысынан 2,448 америкалык аскерлер курман болсо, НАТОнун 1,144 аскери мерт кеткен.
 Отчётто 20 жылга созулган согушта 69 миң ооган аскери өлтүрүлгөнү, 72 журналист жана 444 гуманитардык жардам кызматкери набыт болгону айтылат.
Албетте, бул статистикага оорудан, тамак-ашка, сууга жана инфраструктурага жетпегендиктен жана согуштун башка кыйыр кесепеттеринен каза болгондор кирбейт.
Америкалык Wall Street Journal талиб күчтөрүнүн келишин АКШ менен Батыштын башка өлкөлөрүнүн 20 жылдык (Ооганстанды заманбап демократия формасында калыбына келтирүү)  аракеттеринин аяктоосу катары кубаттады.
Эске салсак, АКШ менен “Талибандын” ортосундагы 2020-жылдын февралындагы келишимден жана эки тараптын ортосунда “тынчтык келишимине” кол коюлгандан кийин, АКШнын аскерлери менен союздаштары Ооганстандан чыгарыла баштады.
Бирок акыркы апталарда Ооганстандагы согуш күчөп, талиптер Ооганстандын көп жерлерин басып алууга жетишти.
Америка Кошмо Штаттары жана НАТОнун башка мүчөлөрү 2001-жылы АКШга 11-сентябрдагы кол салууларга жооп катары Ооганстанга кол салышкан жана ошондон бери Ооганстанда аскердик катышуусун жана оккупациясын улантышкан.

Комментарий жиберүү