Анжелина Жоли БУУда 21 жыл ээлеген кызматынан кетти

Бул тууралуу уюмдун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын сайтында маалымдалды.

“Бүткүл дүйнө жүзү боюнча аргасыз жер которгон адамдардын укуктарын жана корголушун жактаган БУУнун Качкындар боюнча агенттиги менен 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн Анджелина Жоли БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын атайын өкүлү катары кызматтан кетип, гуманитардык жана адам укуктары боюнча кеңири чөйрөгө өтүп жатат”, – деп айтылат документте.

Уюмдун маалыматында атактуу актриса мындан ары дагы тең укуктуу, адилеттүү жана инклюзивдүү эл аралык системаны түзүүгө салым кошууга ниеттенип жатканы айтылат.

“Жакынкы жылдарда мен качкындарды жана башка жер которгон адамдарды колдоо үчүн болгон күчүмдү жумшайм. БУУнун системасында 20 жыл иштегенден кийин, мен качкындар жана жергиликтүү уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенип, алардын чечим табуу умтулууларын колдоп, башкача иштөөгө убакыт келди деп эсептейм”, – деп билдирген кино жылдызы.

Белгилей кетсек, Голливуд актрисасы БУУнун системасында 2001-жылдан бери иштеп келген. Гуманитардык миссиялары менен ал Кения, Таиланд, Эквадор, Судан, Косово, Иордания, Украина, Түндүк Кавказ, Йемен, Ирак жана Камбоджадагы көптөгөн аймактарды кыдырган. Жоли 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык сыйлыгы менен сыйланган.

Комментарий жиберүү