Байдендин инаугурация аземинин коопсуздугун 7000ден ашуун аскер камсыз кылат

АКШнын жаңы президентинин инаугурация аземине 25 миң аскердин катышуусу күтүлүүдө.

Pars Today агенттиги билдиргендей, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясын камсыздоо үчүн Американын 7000ден ашуун аскери баш калаага жөнөтүлдү.
 Бул тууралуу АКШнын Улуттук Гвардиясы өз билдирүүсүндө: “Бул күчтөр 12-январдан 15-январга чейин Байдендин ант берүү аземин камсыз кылуу үчүн 134 аскер учагы менен АКШнын борборуна өткөрүлүп берилди”, – деп жарыялаган.
Белгилей кетсек, мындан тышкары салтанатка 25 миң полиция жана армия кызматкерлеринин катышуусу күтүлүүдө.
Учурда аскерлерди өткөрүп берүү жана жайгаштырууну аяктоо үчүн аба көпүрөсү орнотулду.
Эске салсак, мурдараак Трамптын тарапкерлери АКШ Конгрессине кол салгандан кийин Вашингтондо Байдендин инаугурациясы үчүн ушундай катуу коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

Комментарий жиберүү