Бишкекте жаңы автобустар ишке чыкты. Бир апта бою бекер ташыйт

Бүгүн, 22-июндан баштап Бишкек шаарында жаңы автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы 50 автобус ишке чыкты жана алар беш маршрут боюнча бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт.

Дизель менен жүргөн Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет. Эки эшиктүү, 16  орундуктуу автобустар төмөнкү маршруттар боюнча каттайт:

№10 жана №11 муршруттар – Ак-Ордо (айлампа);
№12 маршрут, Маевка айылы – Көк-Жар айылы (айлампа);
№13 маршрут, Муромская көчөсү – Кырман жаңы конушу;
Кырман жаңы конушу;
№14 маршрут, №12 кичи район – Ак-Ордо жаңы кошуну.

Эскерте кетсек, буга чейин, Шаардык траспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматтыштык тууралуу меморандумга кол коюлуп, ага ылайык, аталган компания үстүбүздөгү жыл аралыгында ISUZU япон үлгүсүндөгү 350 экологиялык автобус алып келүүгө милдеттендирилген.

Июнь айынын башынан бери автобустардын эки партиясы келди.

Компания жаңы транспорт бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташый турганын маалымдады.

Комментарий жиберүү