Украинадагы конфликт калктын масштабдуу көчүшүнө алып келди.
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Келли Клементс Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууда айтканын уюмдун сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымына караганда, ушул убакка чейин 12 миллионго жакын украиналык үйлөрүн таштап кеткен. Алардын жети миллионго жакыны ички жер которгондор, беш миллиону коңшу мамлекеттерде качкын болгондор.
Келли Клементс өлкө боюнча 13 миллиондон ашык адам чукул гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын, качкындардын баары тынчтыкка үмүт артып, мекенине тезирээк кайтууну кыялданып жатышканын кошумчалады.