Деңизге ачык жол. БАЭ Кыргызстанга 30гектардан ашык жер бөлүп берди

 Кыргызстанга деңизге чыгууну камсыздоо үчүн Абу-Даби (БАЭ) эркин экономикалык аймагынан 30 гектардан ашык жер бөлүп берди.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эркин экономикалык зона Халиф портунун аймагында жайгашкан.

Келишимге кол коюу аземине КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков катышты.

“Эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халифа Порто Абу-Даби портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргыз Республикасына бөлүп берүү келишимине кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, “Maqta Gateway” Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук “Бирдиктүү терезе” түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелөөдө.

Бул макулдашууларга кол коюу чечими Кыргызстандын президентинин Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарынын алкагында БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БّАЭге болгон иш сапарынын алкагында AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу салтанатында дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алганын, бул алдыга карай жасалган чоң секирик экенин белгилеген. 

Жапаров кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, Кыргызстанга кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин айткан.

Комментарий жиберүү