Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 95 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны бүгүн эртен менен 95 миллиондон ашты.

Бул туурасында “Worldometer” порталынын акыркы отчетунда берилгенин “Tasnim News” агенттиги жазды.  Бүгүн эртен мененкиге карата дүйнөдө вируска чалдыккандардын саны 95 миллион 448 мин 91 киши болду. Анын ичинен 2 миллион 39 мин 706 бейтап көз жумду. Жалпы ооругандардын ичинен 68 миллион 196 миң 88 бейтап ооруну жеңе алышты.

COVID-19 жуктургандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Бул жерде жалпы 24 миллион 482 мин 50 киши ооруп, 407 мин 202 бейтап каза болду. Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө жалпы ооругандардын саны 10 миллион 572 мин 672ге жетип, 152 мин 456 киши көз жумду. Андан кийинки орундарда Бразилия (8 488 099), Орусия (3 568 209), Британия (3 395 959), Франция (2 910 989), Түркия (2 387 101) жана Италия (2 381 277) турат.

Комментарий жиберүү