Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин макулдашты

 Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын 9-пакети боюнча макулдашышты.

Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресске шилтеме берип жазды.

Санкциялар боюнча компромисстик келишим 15-декабрда Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселдеги саммитинин алкагында жетишилген жана бүгүн, 16-декабрда расмий түрдө тастыкталат.

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Россияга каршы санкциялардын жаңы пакети боюнча макулдашууну ырастады. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Евробиримдиктин жеке санкциялары 200гө жакын россиялыкты камтыганын, кош максатта колдонулуучу товарларга да чектөөлөр киргизилерин билдирди.

Евробиримдик Украинадагы атайын аскердк операциялардан улам Россияга каршы санкциялык басымды күчөттү жана буга чейин сегиз санкция пакетин киргизген, анын ичинде жеке жана сектордук экономикалык чектөө чаралары да камтылган.

Россиянын президенти Владимир Путин санкциялар бүткүл дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын бир нече жолу баса белгилеген. Ал Батыштын негизги максаты – миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 12-декабрда Москвага каршы санкциялардын тогузунчу пакети боюнча бир пикирге келе алышпай, аны кароо кийинкиге жылдырылган.

Комментарий жиберүү