Израилде синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды (видео)

Иерусалимдин чет-жакасындагы израилдиктердин Гиват-Зеев конушунда синагогада адамдар сыйынып турган трибуна кулап калды.

 Андан улам эки адам анын ичинде бир бала каза болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алышты. Бул тууралуу Орусиянын Биринчи каналы маалымдады.

Окуянын учуру видеого түшүп калган. Көпчүлүк адамдар эмне болгонун дароо түшүнүшкөн эмес. Трибуна кулап түшкөндөн кийин тыгын жаралып, кысылыштан дүрбөлөң башталган.

Синагогада жалпысынан еврейлердин эн негизги майрамдарынын бири Шавуотко чогулган 600гө жакын адам болгон.

Учурда полиция массалык сыйынуу учурунда эрежелер сакталганбы же жокбу иликтөөдө.

Израилде эки жуманын ичинде диний майрам учурунда тыгындан улам 46 адам каза тапты.

Эске салсак, Израилде апрель айынын аягында Лаг ба-Омер диний майрамында 44 киши тепсендиде калып каза таап, 100дөн ашууну жааркат алган.

Комментарий жиберүү