Индия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери эмне тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшөт?

27-январда Индиянын жана Борбор Азия президенттеринин биринчи саммити он-лайн форматта өтөт.

Бул тууралуу Индиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин маалымат каражаттары жарыялашты.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышары күтүлүүдө.

Азырынча жолугушуунун күн тартиби жарыялана элек. “Тараптар аймактык жана Эл аралык мамилелер боюнча өз ара сүйлөшүү өткөрүшөт. Ошондой эле аймактык коопсуздук темасына кеңири токтолушат»,- деп айтылат Индиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери 26-январь – Индиянын эгемендик (Руспублика) күнүнө карата Нью-Делиде боло турган аскердик парадга чакырылган.

Бирок бардык президенттер коронавирустун жаңы штаммынын жайылышына жана эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу бара алышпай тургандыктарын билдиришкен.

Акыркы маалыматтар боюнча, Индия коронавирусту жуктурган адамдардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Пандемия учурунда өлкөдө 37,3 миллиондон ашык COVID-19 учуру аныкталган.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча Индия Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөлүк тизмеде үчүнчү орунда турат.

Комментарий жиберүү