Ирандын коронавируска каршы вакциналары натыйжалуу

Ирандын Биотехнологиялар Ассоциациясынын башчысы Сирус Зейнали ирандык окумуштуулар иштеп чыккан коронавируска каршы вакциналар натыйжалуу жана таасирдүү экенин “IRNA” агенттигине берген маегинде билдирди.

Зейнали ирандык окумуштуулардын вакцина жаатындагы жетишкендиктерине ишара кылып, Иранда өндүрүлгөн COVID-19га каршы вакцина Кытайда иштелип чыккан вакциналарга окшош экенин жана алардын жаныбарларга жасалган сыноосу натыйжалуу болгону ырасталып, адамдарга сыноо улантылып жатканын билдирди.

Ал дагы бир катар ата мекендик вакциналар иштелип чыгып жатканын жана алардын айрымдары жакын арада өлкөнүн Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы менен Медициналык изилдөө этикасы боюнча комитеттин макулдугу менен адамдарга сыноо этабына өтөт деп белгиледи.

Белгилей кетсек, 29-декабрда Ирандын адистери өздүк өндүрүштөгү коронавируска каршы “Covo Iran Barakat” деп аталган вакцинаны ыктыярчыларга сыноону баштаган.

Комментарий жиберүү