Аятолла Сейед Али Хаменеи Ирандан чыккан “COV-Iran Barekat” коронавирус вакцинасынын биринчи дозасын алды.
Бул тууралуу Ирандын Медициналык Илимдер Академиясынын президенти, доктор Алиреза Маранди билдирди.
«Лидер ирандык вакцинаны колдонууга өзгөчө көңүл бурат. Бул вакцина ирандык жаш илимпоздордун аракеттеринин натыйжасы жана эмдөөлөрдүн жогорку деңгээли ”, – деди Маранди.
Белгилей кетсек, коронавирус кризиси башталгандан бери Аятолла Хаменеи эмдөөлөргө каршы болгон жок. Бирок аятолла Хаменеи бир гана ирандык дарыларды алууну талап кылган. Ошондуктан, 80 жаштан өткөн ирандык мекендештерди эмдөө процесси башталаары менен, лидер чет элдик вакцинадан баш тартып, ирандык вакцинаны күткөн.
Доктор Алиреза Марандинин айтымында вакцина өндүрүүдө Иран Индия, Кытай, Улуу Британия, АКШ жана Россиядан кийинки мындай жетишкендикке жетишкен дүйнөдөгү алтынчы өлкө жана Батыш Азияда биринчи өлкө болду.
Эке салсак, ирандык вакцина ушул айдын башында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан шашылыш түрдө массалык түрдө колдонууга бекитилген.