Иран орусиялык Sputnik V вакцинасын каттады

Орусиялык коронавируска каршы Sputnik V вакцинасы Иранда ийгиликтүү катталды.

Pars Today агенттигинин РИА Новостиге шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, бул тууралуу Иран ТИМ жетекчиси Мухаммад Жавад Зариф 26-январда жарыялады.
Мухаммад Жавад Зариф Орусия дипломатиясынын башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда мындай деди: “Sputnik V вакцинасы Иранда каттоодон өтүп, биздин санитардык органдар тарабынан бекитилди. Жакын арада  биз аны сатып алабыз жана ошондой эле Орусия жана Ирандын тиешелүү мекемелеринин биргелешкен өндүрүшүн баштайбыз деп үмүттөнөбүз.”
Белгилей кетсек, ” Sputnik V” вакцинасы адамдын аденовирустук вектордук платформасынын негизинде иштелип чыккан жана буга чейин Орусия, Беларуссия, Аргентина, БАЭ, Венгрия, Сербия, Боливия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай жана Түркмөнстанда бекитилген.
“ Индияда орусиялык вакцина үчүнчү баскычтан өтүп жатат”,- деди Индиянын Москвадагы элчиси Венкатеш Варма. Анын айтымында, вакцинаны бир нече жуманын ичинде каттоодон өткөрүү пландаштырылууда.
Ошондой эле ЕСте жана ДСУда вакциналарды каттоо процесси башталды.
ДСУнун маалыматы боюнча, Иранда 1,4 миллионго жакын коронавирус учуру катталып, оору 57,5 миң адамдын өмүрүн алган.

Комментарий жиберүү