Казакстан эмнеге өзөктүк державага айланбай калды?

Бишкек, 23-апрель, – Eurasia Today. Эгерде Казакстан өзөктүк куралын өнүктүрсө, мусулмандардын алдыңкы мамлекетине айланып, Борбордук Азиянын тарыхы башкача жол менен кетмек.

Ильдар Мухаметжанов Казакстандын СССР убагындагы өзөктүк куралдары тууралуу ой-пикирин билдирди.
Советтер Союзу кулаган учурда, Казакстанда 1216 ядролук дүрмөттөр болгон, алар ири ядролук ракетанын “калканы” жана “кылычтын” курамына кирген. Эгерде СССРге империалисттер кол салган учурда бул куралдар колдонулмак. Бирок, Беловежская келишимдерине кол коюлгандан кийин, маселе андай болбой калган.

Кийинчерээк, СССР аймагында жайгашкан, советтик куралды өз карамагына алган жаңы көзкарандысыз мамлекеттер түзүлдү. Ошентип, Орусиядан тышкары, өзөктүк куралдардын ээлери Украина, Беларуссия жана Казакстан болуп чыкты.

Ядролук тирешүү ал кезде артта калгандай көрүнгөн. Стратегиялык куралдарды чектөө боюнча келишимдерге ылайык, СССР жана АКШ дагы өзөктүк арсеналдарын жигердүү кыскартышкан. Анткен менен ядролук күчтөрдү техникалык тейлөө арзан эмес эле. Аны колдонууга болбой тургандыгын бардыгы билишкендиктен, эч нерсеге жарабаган өзөктүк куралдын эмне кереги бар?, – деген мыйзамдуу суроо жаралган.

Экинчи жагынан, бул көз караш менен Казакстандын жетекчилигиндеги айрым адамдар макул эмес эле. Алар өлкөнүн өзөктүк куралга ээ болушу өзү эле ар кандай агрессорду токтотуп, Казакстанга регионалдык улуу держава статусун берет, ошондой эле өзөктүк энергетика сыяктуу маанилүү тармакта өзүнүн илимий-техникалык потенциалын сактап калат – деген пикирлерин айтышкан.

Бирок АКШ жана НАТО Казакстандын мураска калган өзөктүк куралды жок кылууга кызыкдар болушуп, бул үчүн олуттуу экономикалык жардам көрсөтүүнү убада кылышкан. Ал эми  Казакстандын жетекчилиги чет өлкөлүк инвестициялар тынчтык саясатын жарыялаган жана карманган мамлекетке тезирээк түшөөрүн түшүнгөн.
 

Тескерисинче, өзөктүк дүрмөттөрдү калтырса, акчасыз жана коркунучта калмак. .Натыйжада, Казакстан “ядролук тыйуу салуунун” саясий багытынан баш тартууну чечип, көп векторлуу, өз ара ишеним жана интеграция саясатына өттү.

1992-жылы 22-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Лиссабон протоколуна кол койду, анда Советтер Союзунан мураска калган өзөктүк куралдан баш тартуу белгиленген.

1991-жылы болсо, Семей өзөктүк полигону жабылган. 1993-жылы 13-декабрда Алматы өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошулду. Ошондой эле 1995-жылы апрелде Орусияга бардык өзөктүк дүрмөттөрдү экспорттоо аяктап, 1996-жылдын сентябрь айында Казакстандагы континенттер аралык баллистикалык ракеталардын бардык учуруучулары жок кылынган. Кийинчерээк Президент Нурсултан Назарбаев Борбор Азияда ядросуз аймак түзүү демилгесин көтөргөн.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кол койгон келишимге ылайык, катышуучулар аймакта өзөктүк курал жана анын компоненттерин чыгарбоого жана жайылтпоого милдеттенишкен. 2012-жылы Казакстан бүткүл дүйнө жүзү боюнча өзөктүк сыноолорду токтотууга багытталган глобалдык АТОМ долбоорун (Abolish Testing. Биздин Миссия) демилгелеген. Анын алкагында Казакстан өз тажрыйбасы менен өзөктүк сыноолордун айлана-чөйрөгө кандай зыян келтирерин жана алардын кесепеттерин баяндаган.
 

Казакстан Иран менен АКШ, Орусия, Кытай, Франция жана Улуу Британия баш болгон беш ортомчу өлкө ортосундагы өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөргө активдүү катышып, Ирандын өзөктүк энергетикалык объектилерин табигый уран менен камсыз кылып, байытылган куралдардан баш тарттырган.

Ал эми азыр Казакстан дүйнөлүк уран корунун, ядролук инфраструктуранын, өнөр жай объектилеринин жана технологияларынын 25%ына ээ. Ошого карабастан, өлкө “эң күчтүү мусулман ядролук державасы” статусун алган жок. Анткени, бийлик мурдараак шашыла чечим кабыл алды; “эч кандай инвестиция кирбей, эл аралык аренада жана коңшулар менен мамиледе да олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн”- деп ойлогон.

Учурда Казакстан, аймактагы башка өлкөлөр сыяктуу эле, өзүнүн келечегин дүйнө менен байланыштырат. Бир чети, эски латын макалында айтылгандай: si vis pacem, para bellum – тынчтыкты кааласаңыз, согушка даярданыңыз.

Даярдаган К. Жаманкулова.

Комментарий жиберүү