Климаттык катастрофа жакындап келе жатат – БУУнун баш катчысы эскертүү жасады

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча докладында климаттык катастрофа жакындап келе жатканы ачык көрүнүп турат.

Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

“Глобалдык энергетика системасы бузулду жана бул бизди климаттык катастрофага жакындатууда”, – деди БУУнун Башкы катчысы документке комментарий берип жатып.

Ошондой эле, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, океандагы температуранын жана кычкылдуулуктун жогорулашы боюнча 2021-жылы катталган рекорддук көрсөткүчтөрдү баса белгиледи.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас өз кезегениде бул процесстер атмосферадан көмүртектерди соруп алуучу каражаттар пайда болмоюнча улана берерин эскертти.

Мындан улам БУУнун башкы катчысы энергетика системасындагы өзгөрүүнү тездетүү чараларын сунуштап, планета үчүн зыяны жок шамал менен күндүн энергиясы жеткиликтүү экенин билдирди.

Гутерриш мамлекеттерди күн жана шамал энергиясы боюнча долбоорлорду бекитүү процессин тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө, электр тармактарын модернизациялоого, кайра жаралуучу энергияга үч эселенген инвестиция тартууга чакырды.

“Кеч боло электе кайра жаралуучу энергияга өтүүнү тездетүүгө убакыт келди”, – деди Гутерриш.

Комментарий жиберүү