Кытай менен Канада ортосундагы уйгурларга байланыштуу жаңы чыңалуу башталды

Канада парламентинин Кытайдын уйгур калкына жасаган мамилеси боюнча резолюция кабыл алуу чечими Пекиндин реакциясын жаратты. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Канада парламентинин уйгурлардын пайдасына болгон Кытайга каршы планын айыптады.
Белгилей кетсек, Канада парламентинин мүчөлөрү 22-февралда Кытайдын Синьцзян уйгур азчылыгына жасаган мамилеси “геноцид” деген мыйзам долбоорун жактырышкан.
Бул “милдеттүү эмес” мыйзам долбоору Канаданын парламенти тарабынан 266 макул жана нөл каршы добуш менен жактырылды.
Ал эми бул боюнча Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө: “Пекин бул планды айыптайт жана четке кагат”,-деп жооп кайтарылган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Пекин Канаданын бул чечимине кескин каршы экендигин айткан.
Маалыматка ылайык, канадалык делегаттар өкмөттү Эл аралык Олимпиада Комитетине кайрылып, эгерде Кытайда “геноцид” улана берсе, Кытайда өтө турган 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүү укугун өзгөртүүнү сунушташты.
Бир нече күн мурун Британия Кытайга кысым көрсөтүү максатында БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Синьцзян маселесин көтөргөн.

Комментарий жиберүү