Лавров Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясына катышуу шартын атады

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясына катышууга даяр экенин жарыялады.

Белгилей кетсек, мындан мурда “Талибан” өкмөтү Орусия, Түркия, Кытай Иран, Пакистан жана Катардын өкүлдөрүн жаңы ооган өкмөтүнүн курамын жарыялоого арналган иш-чарага катышууга чакырган.
ТАССтын билдирүүсүнө караганда, Орусия бул иш-чарага катышуу үчүн өз шартын жарыялаган.
Тактап айтканда, тышкы иштер министри орус бийликтеринин “ооган коомунун бардык спектрин, анын ичинде талибдерди жана башка этникалык топторду чагылдырган” өкмөттү түзүүгө гана колдоо көрсөтүү ниетин жарыялады.
 Лавровдун айтымында, ушундай өкмөт гана Ооганстанда жаңы жашоого туруктуу өтүүнү камсыздай алат.

Комментарий жиберүү