НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА америкалык учак чыгаруучу Lockheed Martin корпорациясы менен Марстан Жерге жеткирүүгө жардам бере турган Mars Ascent Vehicle ракетасын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду.

Бул тууралуу НАСАнын басма сөз кызматына шилтеме берип UNN агенттиги жазды.

Космостук аппаратты учуруу 2026-жылга пландалып, долбоордун баасы 194 миллион долларга бааланган.

Маалыматта НАСА мындай кадам менен Марста жашоо барбы деген суроого жооп табары айтылат.

Белгилей кетсек, Mars Ascent Vehicle башка планетадан учурулган биринчи ракета болот.

Комментарий жиберүү