Ооганстанда Тажикстан аймагын аткылаган топ кармалды

Талибан өкмөтү Ооганстан аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган кылмыштуу топ кармалганын кабарлады.

16-июлда Талибандын расмий өкүлү Забиулла Муджахиддин “Твиттерде” билдиришинче, талибдердин атайын бөлүгү 15-июлга караган түнү Кундуз провинциясынын Имам Сахиб уездиндеги Канжага айлында харижиттердин (ИМ жоочулары) борборун талкалаган.

“Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү өлтүрүлүп, бешөө камакка алынган. Алардын автоунаалары менен курал-жарактары конфискацияланган. Мунун алдында алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракеталар менен аткылаган”, – деп жазды Талибандын расмий өкүлү.

Азырынча бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

Акыркы төрт айда Ооганстандан Тажикстан менен Өзбекстанга үч жолу ракета атылган.

Быйыл 7-майда ооган басылмалары жоочулар Ооганстандан Тажикстанга жети снаряд ыргытканын жазышкан. Тажикстан бийлиги ок кокустан тажиктердин аймагына түшүп калганын билдирген.

Июнда Өзбекстан бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшкөнүн, төрт үй зыянга учураганын маалымдаган.

Комментарий жиберүү