Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Орусия Америка Кошмо Штаттарынын жаңы санкцияларына дал өзүндөй жооп кайтарат.

Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Чепа “Интерфакс” агенттигине билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.

“Албетте, биз дагы АКШнын 10 кызматкерин өлкөдөн чыгарабыз. Биздин ички иштерибизге чыныгы кийлигишүү боюнча дооматтарыбыз бар компаниялар бар, аларга каршы ушул сыяктуу чечимдер кабыл алынат. Мындай кадам эл аралык кырдаалды жакшыртпаса да биз ага барууга аргасызбыз”, – деп билдирди Алексей Чепа бейшемби күнү агенттикке берген маегинде.

15-апрелде АКШ Орусиянын Вашингтондогу элчилигинде иштеген 10 дипломатты өлкөдөн чыгаргандыгын жарыялаган.

АКШ өкмөтү президент Жо Байден Орусиянын өлкөдөгү президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана Америкага киберчабуул жасаганы үчүн жаңы экономикалык санкцияларды киргизерин жана 10 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгагарын билдирген.

Мындан бир апта мурун, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада журналисттерге берген билдирүүсүндө, өлкөсү Америка Кошмо Штаттары менен мамилелердеги эң начар сценарийлерге даяр экендигин билдирген.

Орусияга карата коркутуулар кабыл алынбай турганын белгилеген Песков: “Вашингтон менен мамилени жардан сүрүп чыгаруу идеясы бизди кубандырбайт, бирок, албетте, биз эч кимге, анын ичинде АКШга, бизди коркутуп-үркүтүүгө, бизге буйрук кылууга жана биздин кызыкчылыктарыбызга доо кетирүүгө жол бербейбиз” – деп айткан.

Комментарий жиберүү