«Талибан» Панжшерде толук көзөмөл орнотконун билдирди

“Талибан” кыймылынын жоочулары өлкөдөгү багына элек жалгыз аймак – Панжшерде  толук көзөмөл орнотту.

Бул тууралуу кыймылдын расмий өкүлү Забихулла Муджахид билдиргенин Al Jazeera телеканалы маалымдады.

Буга чейин талибтер Панжшердин губернаторунун кеңсесин басып алганы айтылган.  Ооганстандык “Asvaka” агенттиги талибтер Панжшердин губернаторунун имаратынын үстүнө желегин көтөргөнүн кабарлады.

Кийинчерээк Улуттук каршылык көрсөтүү фронту Панжшер басылып алынганын четке кагып, капчыгайдын бардык тарабында “стратегиялык позицияларды” ээлеп турушканын жана талибтерге каршы күрөштү уланта турганын жарыялашты. 

“Биз ооган элин талибтерге жана алардын өнөктөштөрүнө каршы күрөш адилеттүүлүк жана эркиндик өкүм сүрмөйүнчө улантылат деп ишендиребиз”, – деп айтылат алардын Twitter баракчасындагы билдирүүдө.

Бир күн мурун Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун басма сөз катчысы Фахим Дашти өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Бир нече күндөн бери талибтер Ооганстандын багына элек жалгыз аймагы Панжшерге чабуул жасоону улантууда.

Панжшер провинциясы – талибтер август айында Ооганстанды басып алганын жарыялагандан кийин “Талибанга” каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Ал жакта “Талибанга” талаа командири Ахмад Масуд жана Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех каршылык көрсөтүүдө.

Комментарий жиберүү