Трампка импичмент жарыяланса, ал кандай артыкчылыктардан ажыратылат?

Жо Байден президент болуп ант бергенден тогуз күн мурун, демократтар Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын башташкан.

Трамп АКШнын тарыхында эки жолу импичмент жарыяланган биринчи президент болот.
Иран пресс жаңылыктар агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп ага импичмент жарыяланганда эмне жоготот:

Биринчиден, бир жылга болжол менен $ 219,000 өмүр бою пенсия.

Экинчиден, жол акыга жылына 1 миллион доллар.

Үчүнчүдөн, кеңсени күтүүгө жана персоналды жалдоого кеткен чыгым жылына болжол менен 96000 долларды түзөт.

Төртүнчүдөн, аскердик госпиталда дарылануу жана өмүр бою медициналык камсыздандыруу укугу.

Бешинчиден, анын физикалык коргонуу чыгымдарын өкмөт көтөрөт.

Комментарий жиберүү