АКШнын экс-президенти Дональд Трамп кызматтан кеткенден кийин биринчи митингин өткөрдү.
Белгилей кетсек, ал Жо Байдендин миграциялык саясатын кескин сынга алып, Огайо штатындагы Веллингтон шаарында “Американы сакта” деп аталган митинг өткөргөн.
Дональд Трамп тарапкерлеринин алдына чыгып, 2020-жылы ноябрда өткөн президенттик шайлоонун натыйжалары боюнча экинчи мөөнөткө кайра шайланбай калган жыйынтыктар бурмаланган деген билдирүү менен баштады.
Ал ошондой эле билдирүүсүндө “үчүнчү жолу президенттик шайлоого катыша алам” деп кыйытты.
Митингде Трамп буга чейин активдүү сүйлөгөн темаларга кайрылып, биринчи кезекте Мексика менен чек арадан өтүп, өлкөгө барган сайын көбөйүп жаткан мигранттардын көйгөйүнө токтолду.
«Биздин өлкөгө миллиондогон адамдар келет. Биз алардын ким экендиги жөнүндө эч кандай түшүнүгүбүз жок”,- деди экс-президент.
Огайодогу митинг Трамп үчүн президенттиктен кеткенден кийин тарапташтары үчүн биринчи массалык митинг болуп калды. Трамптын дагы эки митингге катышуусу күтүлүүдө.