Түркия расмий түрдө чет тилдердеги аталышын өзгөрттү

Түркия өлкөнүн аталышынын чет тилдердеги жазылышын өзгөртүү боюнча БУУга расмий өтүнүч жолдоду.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттер баракчасында жарыялады.

“Президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде өлкөбүздүн брендинин кадыр-баркын көтөрүү үчүн баштаган процессибиз соңуна чыгууда. Бүгүн БУУнун баш катчысына жөнөткөн катым менен өлкөбүздүн аталышынын чет тилдердеги жазылышын “Türkiye” деп каттадык”, – деп жазды ал.

Ошентип, мындан ары Türkiye деген аталыш бардык эл аралык форумдарда жана мурда ар кандай орфографиялар колдонулуп келген (Turkey, Turkei, Turquie ж.б.) расмий документтерде,  Түркияда өндүрүлгөн товарларга ж.б. колдонула баштайт.

Эрдоган өлкөнүн атын өзгөртүү чечимин өткөн жылдын декабрь айынын башында жарыялаган.

Түркия түрк тилинде Türkiye деп аталат жана учурда өлкө бул аталыш менен эл аралык деңгээлде таанылууну көздөөдө.

Маалыматта Анкара бийлиги бардык эл аралык документтерде өлкөнүн аталышы Türkiye деп көрсөтүлүшүн талап кылары белгиленген.

Комментарий жиберүү