Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен Түркмөнстандын аймагында тамекини таштоонун ишеним телефону иштей баштады.
Бул тууралуу Инстаграмда ДСУнун басма сөз кызматы жарыялады.
Белгилей кетсек, “ишеним телефону” никотинге көз карандылыкты жоюу максатында кеңеш берүү кызматтары борбору тарабынан иштейт.
Тамекиге жана башка никотиндүү чылымдардан жабыркаган бейтаптар эми 118 номуруна чалуу менен саламаттыкты сактоо адистеринен кеңеш ала алышат.
Адистерге наркологдор, терапевттер, психологдор кирет. Сүйлөшүүнүн башталышында бир гана нерсе көрсөтүлүшү керек, ал тиешелүү жарандын тамеки тартып баштаган жашы жана мөөнөтү.
ДССУнун кызматкерлери белгилегендей, улуттук ишеним телефонунан тышкары тамекини таштоону каалагандар виртуалдык саламаттыкты сактоо кызматкери Флоренциянын жардамын – who-ru.digitalhero.cloud шилтемесин басуу менен колдоно алышат.
Эске салсак, Түркмөнстан 1998-жылдан бери тамеки тартуу менен жигердүү күрөшүп келет. Өкмөттүн негизги максаты – тамекисиз өлкө статусуна жетишүү. Он жыл мурун, мамлекет ДССУнун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактуу конвенциясына кошулган.