Францияда журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө шектүү адам камакка алынды

Францияда саудиялык журналист жана акын Жамал Хашоггинин өлүмүнө шектүү адам камакка алынды.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, падышалык гвардиянын 33 жаштагы аскери Халед Айед аль-Отайби 7-декабрда Париждин “Шарль-де-Голль” аэропортунда кармалган. Ал Түркия бийлиги Хашоггинин иши боюнча издеп жаткан 26 саудиялыктын бирөө болуп эсептелет.

Мухаммед бин Салмандын авторитардык саясатын аёосуз сындап келген жана The Washington Post гезити менен кызматташкан Хашогги 2018-жылы октябрда — Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелген.

Буга чейин АКШнын Улуттук чалгын кызматы оппозициячыл журналисттин өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийлигинин тиешеси болгонун жарыялаган.

Сауд Аравиясынын ханзаадасы Мухаммед бин Салман бул кылмышка өзүнүн тиешеси жок экенин айтып келет.

Комментарий жиберүү