Шольц газ куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү кечеңдетип жатканын айтты

Германиянын канцлери Олаф Шольц “Түндүк агым-1” куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү атайылап кечеңдетип жатканын билдирди. Анын айтымында, Москва аны ташууга зарыл болчу документтерди берүүдөн баш тартып жатат.

“Муну жеткирбей коюуга эч кандай негиз жок. Алар болгону турбинаны алып кеткиси келерин айтып, Орусияга алып кетүү үчүн керектүү бажы документтерин гана көрсөтүшү керек эле”, – деди Шольц 3-августта турбинанын жанында туруп жасаган билдирүүсүндө.

Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы 27-июлдан тартып “Түндүк агым-1” кууру менен Германияга берилген газдын көлөмүн дагы азайткан. Ишкана муну дагы бир турбинанын “техникалык абалы” менен түшүндүргөн.

“Газпром” июлда он күндүк ремонттон кийин ал куур менен газ жетирүүнү жанданткан. Бирок көгүлтүр отундун көлөмү 40% чейин кыскартылган. Орусия мунун себебин Канадага оңдоого жөнөтүлгөн турбинанын кайтарылбай жатышы менен байланыштырган. Канада 18-июлда “Түндүк агым-1” газ куурунун Siemens турбинасын оңдоп, Германияга жөнөткөн. Турбина андан ары кеме аркылуу Орусияга чыгарылып кетмек.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым-1” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Согушка чейин анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. 

Комментарий жиберүү