Ислам дининде үй-бүлө

Ислам дини өзгөчө маани берген маселелердин бири – бул үй-бүлө маселеси.

Адамзат урпагынын уучун таза улоо үчүн үй-бүлө куруу өзүнчө зарылдык.

Мына ошондуктан Ислам дининде үй-бүлө ийне-жибине чейин иликтелип, ага тиешелүү эреже-мыйзамдар белгиленген.

Анда аял менен эркек шарияттын негизинде нике аркылуу гана үй-бүлө түзө алуулары, ал эми мындан сырткаркы (никесиз) бирге болуу байланыштары чоң күнөө катары каралган.

Үй-бүлө тукумдун белгилүү болушу, коомдук биримдик, ынтымак-ырашкерлик, адам баласынын бири-бирине арка-жөлөк болушу өңүтүнөн да зор мааниге ээ.

Чынында да, адам баласы төрөлгөндөн тарта о дүйнө салганга чейин мээримдүүлүккө, сүйүүгө, сый-урматка муктаж.

Мунун жападан жалгыз уясы үй-бүлө. Өзгөчө бала чакта жана карыган кезде мээримдүүлүккө болгон муктаждыгыбыз күч. Ислам дини тууган-туушкандык карым-катнашка да өзгөчө маани берет.

Туугандык карым-катнашты үзүү чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Ар бир мусулман баласынын алгач ата-энеге, бир туугандарга, анан жалпы туугандарга карата өз-өзүнчө милдеттери бар.

Келечек муунга рухий дөөлөттөрдү үйрөтүп, өткөрүп берүү өңүтүнөн да үй-бүлөнүн өзгөчө орду бар.

Бүгүнкү күнү атайын жүргүзүлгөн статистиканын иликтөөсү боюнча, үй-бүлөсүз өскөн балдардын көпчүлүгү катардагы балдарга салыштырмалуу терс жолдорго, күнөө иштерге алдаканча ийкемдүү болгондугу аныкталган. Демек, көпчүлүк учурда жакшы адам жакшы үй-бүлөдө туура тарбия менен өсүп чыгат.

Арийне, үй-бүлөнүн артыкчылыгы муну менен гана чектелип калбайт.

Жакшы коомдун өзөгүндө үй-бүлө турары бышык.

Анүчүн үй-бүлөнүн түзүлүшүнө жана үй-бүлөгө байланышкан эреже-мыйзамдарга басым жасалат.

Бүгүнкү күнү жеке адам өңүтүнөн да, коомдук жактан да үй-бүлөнүн мааниси дагы да айкын, дагы да өзгөчө. Ислам дини үй-бүлөгө бөтөнчө көңүл бөлүп, үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандар аралык жардамдашуу, арка-жөлөк болуу аракеттерин коомдук биримдиктин, ынтымак-ырашкерликтин негизи катары караган. Үй-бүлө курууну укуктук негиздерге бекиткен.

Бул багытта жүзөгө ашуу ыктымалы бар катачылык-мүчүлүштүктөргө, калыссыздыкка жол ача турган иштерге кескин бөгөттөрдү койгон. Ислам үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө өз-өзүнчө укуктары менен бирге милдеттерин кошо берген.

Жубайлардын бири-бирине болгон укук-милдеттери, ата-эненин балага болгон укук-милдеттери жана ошондой эле баланын ата-энеге болгон укук-милдеттери Куранда ачык-айкын белгиленип, өзгөчө басым жасалган. Ислам дини үй-бүлөгө, никеге байланышкан диний, адеп-ахлактык жана укуктук эрежелерин белгилеген. Үй-бүлөнү адам баласынын заттык-руханий муктаждыктары жана өсүп-өнүшү үчүн өзүнчө зарылдык катары кабылдаган. Ошондой эле руханий жактан да, материалдык жактан да жетк

илең коомдун эң иридеги шарты катары ыйманга сугарылган үй-бүлөнү эсептеген.

Ислам дининде үй-бүлө төмөнкү эрежелерге негизделген:

1. Үй-бүлө куруу: үй-бүлөдөн бакыт, бейпилдик табуу үчүн, эл керегине жараган, мекенге кызмат өтөй турган туяк калтыруу, коомдун, дегеле адамзатынын илгерилеши, өсүшү үчүн үй-бүлө куруунун мааниси айтпаса да айкын.

Адам баласынын үй-бүлө курууга болгон муктаждыгы жөнүндө аяттардын биринде:

«(Алла Таала) Бейпил өмүр сүрүүңөр үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго сүйүү отун тутандырышы да – Анын бар экендигине өзүнчө жышаана» (Рум сүрөсү, 21) – деп буйрулат.

Адамзаада жубайы менен бейпилдик табат, бакыттын даамын сызат.

Эң зарыл муктаждыктарды үй-бүлө коломтосунан күтөт.

Адам баласы бул дүйнөгө мээримге, сүйүүгө, нары аяр, нары жылуу мамилеге ашкере муктаж болуп көз ачат. Жубай болуунун, ата-эне болуунун, балалуу болуунун бактылуулугу үй-бүлөнү бөтөнчө кутка бөлөйт.

Адам материалдык жана руханий жактан муктаж болгон жылуу мамиле, урмат-сый, сүйүү, таалим-тарбия сыяктуу жагдайлар ыйман ырыскысы менен береке-кутка тунган үй-бүлө очогунда камсыздалат. Дин Ислам мына ушундай ыйман нуру менен жаркыган үй-бүлө курууну ибадат катары эсептейт. Асыресе, муну Жараткан Алланын алдында мусулман баласы үчүн өзүнчө озуйпа деп билет. Ислам дининде адам баласы эне курсагына түшкөндөн тарта адамдык кадырын табат. Ал бала чагында болобу, жаш чагында болобу, карылык кезинде болобу, айтор, ар качан аяр мамиле көрүшү керек. Адам дайыма жылуу мамилени самайт.

Демек, бала багуу – тек аны курсагын тойгузуп, кийинтип, материалдык муктаждыгын гана камсыздоо эмес. Аны сүйүү сезими менен багуу да адамдын жан азыгы. Үй-бүлөнүн кутуна, береке-сүйүүсүнө тек балдар гана эмес, жубайлар да муктаж.

Алар да сүйүү-бейпилдикти үй-бүлөнүн кутунан табышат.

Адам карыган кезде да үй-бүлөгө, сүйүү-мээримге муктаж болот.

Оомал-төкмөл дүйнөнүн оош-кыйышында далай кыйынчылык-машакаттарды баштан кечирген адам баласы карылык куракта өз бүлөсүнүн кутуна тунгусу келет. Куранда ата-энеге жылуу мамиледе болуу, моюн сунуу зарылчылыгы баса белгиленет: «Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардан бирөө же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга «Уф-ф!» дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө! Аларга мээрим төгүп (Жаратканга алакан жая): Оо, Жараткан Алла! Мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлөй көр… – деп дуба кыл!» (Исра сүрөсү, 23-24).

2. Мусулман үй-бүлөдө ар ким өзүнүн милдетин ибадат түшүнүгү менен орундатышы керек.

3. Үй-бүлө туура ишенимге ээ болушу керек. Бул эң ириде үй-бүлө кожоюнунун милдети.

Бул багытта Куранда:

«О, адамдар! Өзүңөрдү, үй-бүлөңөрдү отуну адамдан жана таштан чогултулган тозок отунан коргогула…» (Тахрим сүрөсү, 6) деп буюрулат.

4. Ата-эненин максаты – үй-бүлөсүн Исламдын изги ахлагы менен көрктөө болушу зарыл.

5. Жар тандоодо үй-бүлөнүн куту, бейпилдиги, балдарынын ыймандуу болуп чоңойушу, элге-журтка ак кызмат өтөй турган бала тарбиялап өстүрүү сыяктуу аруу ой-тилектер эске алынышы кажет.

Азирети Пайгамбарыбыз ал үчүн ыймандуу жар тандоо керектигин билдирет. Куттуу хадистеринин биринде: «Момун-мусулман адамга Алладан коркуу жана ага моюн сунуу (ыйманга келүү) бактысынан сырткары ыймандуу жубайчалык насип ыроолонгон эмес…» (Ибни Мажа, Никах, 5).

6. Үй-бүлө коломтосун өчүрүп албоо үчүн жубайлар күчүнүн жетишинче жакшы ниет, жакшы тилек менен кадам шилтөөлөрү керек.

Үйлөнгөн соң жубайлар бири-биринин акы-укугун, ар-намыс ариетин аруу сактоого милдеттүү.

Жубайлар айрым бир катачылыктарды туура кабылдап түшүнүктүү болуулары абзел.

7. Ислам дининде аял-эркек, ата-эне жана балдар ортосундагы акы-укуктар, милдеттер ачык-айкын белгиленген.

8. Ислам никесиз жакындашууга кескин түрдө тыйуу салгандыктан, асыресе, ага жол ача турган жагдайларга да бөгөт койгон.

Аял затынын жарым жылаңач жүрүшү, аял-эркек аралаш көңүл ачуулары жана аял-эркек бири-бирине делебе козгоочу көз менен назар салуулары сыяктуу.

Комментарий жиберүү