Намаздын фарздары

Намаздын фарздары

Окшош мазмун

  • No related post.

Намаз окуу акыл-эси толгон жана балагатка кирген ар бир эркек жана аял мусулман үчүн фарз. Намаздын фарз болушу үчүн үч шарт зарыл:

1- Мусулман болуу.

2- Акыл-эси ордунда болуу.

3- Балагатка жетүү.

Динибизде акыл-эске толбогон жана жашы жетилбеген кичине балдар намаз окууга милдеттүү эмес. Бирок, ата-энелер балдарына диний маалыматтарды үйрөтүп, ибадат кылууга көндүрүүлөрү керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар! Чабан үйүрүн кандай коргосо, силер дагы үйүңөрдөгү жана кол астыңарда болгондорду Тозоктон коргошуңар керек! Аларга мусулманчылыкты үйрөтүшүңөр керек! Эгерде үйрөтпөсөңөр жооптуу болосунар».Башка бир хадиси шарифте:«Бардык наристелер мусулманчылыкка ылайык жана ийкемдүү болуп төрөлөт. Аларды кийин ата-энелери христиан, еврей жана динсиз кылат», – деп айтылган.

Демек, ар бир мусулмандын биринчи милдети балдарына Ислам динин жана Курани карим окуганды, намаз окуганды, ыймандын жана Исламдын шарттарын үйрөтүүсү керек. Баласынын мусулман болушун каалаган жана бул дүйнө менен тиги дүйнөдө тынч жашоого умтулган ата-энелер, адегенде, бул милдетин аткарыш керек. Себеби, ата-бабаларыбыз: «Тал жаш кезинде ийилет», -деп айтышкан. Жашы өткөндөн кийин ийемин деп аракет кыла турган болсоң сынып кетиши мүмкүн, зыяны тийет.
Ислам маалыматтары жана Ислам адеп-ахлагын үйрөнбөгөн бала жаман жолдо болгондорго бат алданат. Ата-энесине, мамлекетине жана элине зыяндуу болот

Фарз – Аллах  таала аткарылуусун каалаган так буйрук. Бир ибадаттын фарздары орундатылмайынча, ал ибадат так, туура аткарылган болуп эсептелбейт.
Намаз окуп жатканда он эки шартты орундатуу фарз. Булардын жетөө намаздын тышындагы, бешөө ичиндеги фарздар. Тышындагы фарздар шарттар, ал эми ичиндегилер рукун деп аталат. (кээ бир аалымдар тахрима такбири намаздын ичинде экенин айтышат. Бул пикир боюнча намаздын шарттары да, рукундары да алты болот).
Намаздын  тышындагы  фарздары  (шарттары):

1.  Хадастан тазалануу:  Дааратсыз адамдын даарат, ал эми жунуп болгон адамдын гусул алуусу.

2. Булганычтан тахарат: Намаз  окуган  адамдын денесин, кийимин, намаз окуй турган жерин чоң жана майда кирден б.а., динибизде нажас (кир) болуп эсептелген нерселерден тазалоосу. (Мисалы: кан, заара, алкогол сыяктуу заттар динибизде нажас (булганыч) болуп саналат.)

3. Сатр-и аврат: Аврат жерлерди жабуу дегенди билдирет. Аврат жерлерди жабуу Аллаху тааланын буйругу. Мукаллаф болгон, б.а., акыл-эстүү, балагатка жеткен адамдын намаз окуп жатканда ачуусу же жалпысынан башка бирөөнө көрсөтүүсү жана башка бирөөнүкүн кароосу да харам болуп эсептелген дене мүчөлөрү «аврат жерлер»деп аталат. Эркектин аврат мүчөлөрү киндигинен тизесинин астына чейин. Ал эми аялдыкы жүзү жана колунун билегинен ылдыйкы бөлүгүнөн башка бардык жери аврат.

4. Истикбал-и кыбла: Намаз окуп жатканда кыбыланы кароо. Мусулмандардын кыбыласы ыйык Мекке-и мукаррама шаарындагыКаабанын турган жери. Башкача айтканда, жерден аршка чейинки боштук кыбыла.

5. Убакыт: Намазды маалында окуу. Башкача айтканда, намаз убактысынын келгенин билүү жана окуган намазынын маалын жүрөгүнөн өткөрүү.

6.  Ниет. Намазга туруп жатканда жүрөгү менен ниет кылуу. Жөн гана ооз менен сүйлөө ниет болуп эсептелбейт. Намазга ниет кылуу ошол намаздын атын, маалын, кыбыланы, жамаат менен окула турган болсо имамга уйууну жүрөк менен тастыктоо болуп саналат. Ниет баштапкы такбир айтылып жатканда кылынат. Такбирден кийин кылынган ниет жараксыз. Ал намаз кабыл болбойт.

7. Тахрима такбири: Намазга туруп жатканда «Аллаху Акбар»деп айтуу. Бул баштапкы такбирди ифтитах такбири деп дагы аташат. Башка сөз айтуу менен такбир болбойт.

 

Б. Намаздын ичиндеги фарздары (рукундары).

Намазга турганда орундатылышы керек болгон беш фарз бар. Бул беш фарздын ар бирөө рукун деп аталат. Намаздын ичиндеги фарздар төмөнкүлөр:

1.  Кыйам: Намазды баштаганда жана окуп жатканда тик туруу дегенди билдирет. Өйдө тик тура албаган оорулуу адам отуруп окуйт. Отуруп окуй албаган жаткан жеринен ишара (башын кыймылдатуу) менен окуйт. Отургучка отуруп намаз окууга болбойт.

2.   Кыраат: Ооз менен окуу дегенди билдирет. Намазда Курани каримден сүрө же аят окуу.

3. Руку: Кырааттан кийин колдорун тизеге коюп ийилүү. Рукуда үч жолу «Субхана раббиаль-азим», түзөлүп жатканда «Сэмиаллаху лимен хамидах», түзөлгөндө «Раббана лакаль-хамд» деп айтылат.

4. Сажда: Рукудан кийин жерге жамынуу  дегенди билдирет. Сажда – арка-аркасы менен эки жолу колдорду, маңдай менен мурунду жерге коюп жамынуу. Ар бир саждада жок дегенде үч жолу «Субхана раббиаль-ала» деп айтылат.

5. Када-и ахира: Соңку рекетте «Аттахиййату» окуганчалык отуруу. Муну соңку отуруу деп да аташат.

Намаздын түрлөрү
Намаздын маанилүүлүгү жана ибадаттардын эң негизгиси экендиги шарттарынын мынчалык көп болуусунан байкалып турат. Айрыкча, важибдери, сүннөттөрү, мустахабдары, макрухтары, муфсиддери да буларга кошулса, кулдун Жаратканынын алдына кандай чыгуусу, Анын алдында кандай болушу керек экендиги түшүнүлөт. Кулдар алсыз, күчсүз, байкуш макулуктар болуп эсептелишет. Ар бир демде өзүн жараткан Аллаху таалага муктаж. Намаз кулга өзүнүн алсыздыгын билдирген ибадат.
Мусулмандарга окуулары буйрук кылынган намаздар фарз, важиб жана нафил болуп үчкө бөлүнөт. Булардан:

1- Фарз намаздар: Беш маал намаздын фарздары, Жума намазынын эки рекет фарзы жана жаназа намазы фарз намаздарга кирет. (Жаназа намазы – фарз-ы кифайа.)

2- Важиб намаздар: Витир намазы, Айт намаздар, адак болгон намаз жана башталып жарымында калган нафил намаздар. Казага калган бир витир намазынын казасын окуу да важиб.

3- Нафил намаздар: Беш маал намаздын сүннөттөрү, таравих намазы жана сооп алуу ниети менен окулган тахажжуд, тахиййат-ул масжид, ишрак, духа, аввабин, истихара, таспих намаздары сыяктуу намаздар нафил болуп эсептелет. Башкача айтканда, булар буйрук эмес. Фарз жана важиб намаздардан казасы (карызы) жок адамга нафил ибадаттардан да сооп берилет

Комментарий жиберүү