Үлгүлүү энелер

Коом энелерге жараша калыптанып өзгөргөндүгү маалым. Эркек киши үй- бүлөсүн багыш үчүн аялынын колдоосу, жөлөгү менен киреше табат. Күнүмдүк турмуштун запкысынан чарчап чаалыгып үйүнө кайтканда, аларды кулуп-жайнап тосуп алган, кайгы-капасына тең ортоктош болгон сүйүктүү жарлар бактылуу да, барктуу.

Азирети Пайгамбарыбыздын да жөлөгү бар эле. Ал Азирети Хадижа эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз адамдар тарабынан куугунтукталып, жалган жалааларга, кордуктарга дуушар болуп, кайгырып үйүнө кайткан күндөрдө Хадижа ага арка-жөлөк болоор эле (Ибни Хишам, ас-Сиро, I, 259). Азирети Хадижа Пайгамбарыбыздын Исламды жаюу ишиндеги ишенимдүү кеңешчиси, кайгы-муңун тең бөлүшкөн сүйүктүү жары болгон.

Ошондой эне балдарына эң мыкты тарбиялаган үлгүлүү эне эле. Ал балдарына үй-бүлө куруунун сырларын, адамдар менен болгон мамиленин эрежелерин үйрөтө турган.
Авф бин Махламдин зайыбы Умама бинти Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:

“Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:

1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне апкелсе апкелсин, бардыгын сүйүнүү менен кабыл алышың керек.
2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып “жасаба” деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ийишиң керек.
3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби, алар күйөөңдү жийиркентип сенден көңүлүнүн суушуна апкелет.
5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
7. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегинде сакта, ысырап кылба.
8. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
9. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
10. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал. Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба!”

Бул үлгүлүү эненин бекем үй-бүлө куруунун маанилүү эрежелери. Береги кеңештер боюнча түптөлгөн үй-бүлө бекем боло алат. Ошондуктан бабаларыбыз улам кийинки муундарды тарбиялоодо бул эрежелерди эске алган. Уулун үйлөндүргөн энелердин да аларга берчү баалуу кеңеш-насааттары бар. Баланы ыймандуулуктун тарбиясы менен өстүрүү керек. Аларга сабырдуулукту, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, ыраскөйлүктү, ыйбаалуулукту үйрөтүү зарыл. Уулунун бейпил турмуш куруусун каалаган акылман эненин төмөндөгү икаясы кандай гана мазмундуу:

Тамакты чүйгүндөп даамдуу жасагандыгы менен атагы чыккан эне кечки тамакка жаңы үйлөнгөн уулун жубайы менен чакырат. Ошол себептүү эртеден бери ашканада тамак жасап жаткан болчу. Кечки тамакка эски досу да чакырылган эле. Көптөн күткөн меймандар да келип, дасторконду тегерете отуруп калганда укмуштуу нерсеге туш болушту. Эне кемпирдин жасаган бүгүнкү тамагы соргоктун да табитин качыра тургандай начар эле. Картошкалары күйүк, эти болсо дээрлик бышпай калган. Уулу, келини жана досу кемпирге муну сездирбеш үчүн колдорунан келишинче аракет жасашса да, тамак учурунда эч кимисинин табити чаппаганы билинип турду. Ошентип тамакты жеп отурушту. Уулу келини менен энесинин колунан өөп үйлөрүнө жөнөштү. Досу кемпир курбусуна кайрылып:

“Сенин мыкты ашчы экениңди беш колумдай билем. Айтсаң, эмне үчүн бүгүнкү тамагыңды минтип койдуң? Менимче, сен же ооруп жатасың, же мунун бир сыры бар” – деди. Анда ал жылмайып:
“Жок, ооруган деле жокмун. Атайылап жасадым. Мындан кийин уулум апасынын тамактары менен аялынын тамактарын салыштырып, эч качан аялынын көңүлүн сындырбайт” деген экен.
Мына акылмандыктын, кыраакылыктын үлгүсү. Уулунун жакшылыгын ойлогон эне гана ушундай мамиле жасай алат. Баалуу кеңеш берип жатканын ойлоп:”Кулак сал, уулум, аялдардын көңүлүнө карап такыр мамиле кылба. Аял дегенди башынан эле тарбиялап албасаң, кийин башыңа чыгып алат”- деген сөздөр менен жубайына карата серт жана катуу мамиле жасоого үндөбөйт.
Улуу Алла Таала эл-жерибизге, мамлекетибизге жана бүткүл адамзатка тынчтык, ынтымак, ыймандуулук насип кылсын.

Эненин дубасы:

Хаким Тирмизи жаш кезинде илим алууну абдан самачу. Күндөрдүн биринде Тирмизиге эки досу келип илим алмакка алыска сапарга чыга тургандыктарын билдирип, аны да чакырышат. Тирмизи бир жагынан кубанып, бир жагынан ойлонуп калат.

Ошол эле күнү кечинде маселени энесине билдирет. Энеси ойлуу тартып уулуна мындай дейт:
– Уулум! Мен ал-күчтөн тайдым. Мага сенден башка жардам бере турган эч кимим жок. Өзүңө да маалым, бир жагынан оорукчанмын. Мени жалгыз кимге таштайсың?

Энесинин бул сөздөрү Тирмизинин сай сөөгүн сыздатты. Бир тараптан илим алууга болгон ышкысы, бир тараптан эненин акысы аны кыйын абалга алып келди. Терең ойго батып, акыры эненин акысы илим алуудан жогору экендигин баамдап, илим алуудан баш тартты. Жагдайды досторуна туура түшүндүрүп, алар менен илим алууга бара албай калгандыгын билдирди.

Ошентип достору шаардан чыгып алыска сапар тартып кетишти. Тирмизи алардан бөлүнүп илимден кур калгандыгы үчүн аябай кыжалат болуп жүрдү. Арадан көп убакыт өтсө да, илим алуу ышкысы күн өткөн сайын күч ала берди. Өзү жалгыз калган убактарда өзүнчө буулугуп көпкө ыйлачу. Муну байкаган энеси:
«Алла таала «иншаалла»(Кудай кааласа) сени бул арзууңа жеткирээр» деп дуба кылып жүрдү.
Күндөрдүн биринде Тирмизи мүрзөнүн жакасына барып ыйлап, бугун чыгарып өзүнө-өзү:
«Мен эмне боломун? Досторум илим үйрөнүү үчүн кетишти. Менчи? Илимсиз калдым» деп сүйлөнүп жаткан эле. Бир маалда жүзүнөн нур тамган бейтааныш карыя пайда болуп:
– Уулум! Эмне ыйлап жатасың? Сага эмне болду? – дейт.

Хаким Тирмизи алгач апкаарып калат. Анан баш-аягын жыйнап болгон окуянын баарын башынан аягына чейин айтып берет.
Анда береги карыя:
– Аз убакыттын ичинде тигил эки досуң алган илимден да көп илим алууң үчүн, ар күнү келип сага сабак беришимди каалайсыңбы? – дейт ууртунан жылмайып.

Хаким Тирмизи кубанчы койнуна батпай:
– Албетте, каалаймын, – деп жооп берет.
Ошентип нур жүздүү бейтааныш адам ар күнү келип сабак бере баштайт. Тирмизи үч жыл бою сабак алат. Ал бул бейтааныш карыянын ким экендигин үч жылдан кийин гана билген. Ал карыя азирети Кыдыр (а.с.) болгон экен.
Бул багытта Тирмизи:
«Жараткандын мага буюрган мындай чоң жакшылыгына энемдин ыраазычылыгы жана анын ак дубасы менен жеттим!» деген.

Комментарий жиберүү