Алгачкы мектеп – үй-бүлө

   Балдарыбыз – биздин бактыбыз. Алардын жан дүйнөсү аруу, таза болгондуктан аларды ар түрдүү терс таасирлерден көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Себеби эртеңки күн ошолорго байланыштуу болот. Бүгүнкү күн биздики болсо, эртеңки күн алардыкы болот. Коом алардын күч-аракетине жараша тариз алат. Эгер алар ийгиликтүү иштерди жасашса, коом илгери жетишкендиктерге жеткен болот. Ал эми аракетсиз болушса, коом да артка кетет. Ошондуктан балдарыбыз биз үчүн маңдайыбызда жанган чырагыбыз.

Жараткан Алланын балдарыбызга өзгөчө маани бергендигин айрым бир аяттардан байкай алабыз. Жараткан Алланын чексиз кудуреттүүлүгүн бир наристенин пайда болуу баскычтарынан да түшүнүүгө болот. Бул багытта Алла Таала бүтүндөй адам баласын, айрыкча бул иш менен жакындан тааныш болгон дарыгерлерди аң-таң абалда калтырып келет. Бир тамчы суунун кадимки адам баласына айланышы чынында эле өтө таң калычтуу! Ымыркайдын эненин курсагында өткөргөн баскычтарынын ар биринде Жараткан Алланын ага өзгөчө маани бергендиги, аны ар түрлүү сырткы терс таасирлерден коргой турган коопсуз жерге койушу, ал жерде ага келбет бериши, убагы келгенде бул дүйнөгө алып келиши, айтоор, мына ушунун баары адам баласын таң калтырат. Адам ааламдын эң ардактуу жандыгы болгондугу үчүн Алла Таала ага өзгөчө шекил берип жараткан.

Ошол асыл жандыктын дүйнөгө жаңы көз ачкандагы мезгилин элестетеличи, ата-энелер, балалуу болгондор жакшы билишет. Ымыркай төрөлгөндө ата-энелер сөзгө чак келбес кубанычтын сересине чыгышат. Алакандай ошол ымыркайды кучагыңызга алганыңызда жыпар аңкыган жыт сезесиз, ырахатына сөз жеткис жанга жагымдуу жыт… Алла Таала Ыйык Куранда аны «куррата-аайун» – «көз кубанычы» (б.а., жандүйнөгө бейпилдик тартуулоочу) деген сөз менен мүнөздөйт. Ыйлагандан башка эч нерсе кылалбаган кенедей ымыркай. Бирок учуру келгенде чоңойуп тоолорду омкоро турган жандык…

Мына ушул наристе өтө аяр, өтө кылдат тарбия көрүшү керек. Ыйман булагынан даам сызып чоңойушу керек. Себеби ал эртең «адам» болуп өмүр кечириши кажет.

Бала мектеп, айлана-чөйрө, классташ-достору, гезит-журналдар ж.б.у.с. ар түрлүү факторлордун таасирине туш болот. Бул факторлордун эң маанилүүсү жана эң таасирлүүсү – бул үй-бүлө. Бала жашоого эң биринчи үй-бүлөдө көз ачып, дүйнөнү ошол жерден тааный баштайт. Үй-бүлө анын таалим-тарбия алган эң алгачкы уясы болуп эсептелет. Үй-бүлө – баланын бүт нерсеси. Ал жерден алган тарбиясы анын келечек жашоосунда өзгөчө рол ойнойт. Ошондуктан үй-бүлөдөгү тарбия башка таалим-тарбия мекемелеринин башаты болуп, баарынан зор мааниге ээ.

;Куранда Алла Таала ата-энелерди өздөрүн да, бала-бакырасын да тозок отунан сактоого милдеттүү кылгандыгын маалымдайт. Бул багытта Алла Таала: «Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да отуну адамдардан жана таштан турган оттон сактагыла!» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)деп буюрат.

Биз балдарыбызды мына ушул албырттап жанган оттон аларга ыйман тарбиясын берүү менен гана коргой алабыз. Аларга кичинекей кезинен баштап Ислам динибизге ылайык таалим-тарбия беришибиз керек. Төрөлгөндөн кийин баланын оң кулагына азан айтып, ага жакшы ысым койуу, эл-жери, Ислам дини үчүн күйүп-жанган, эл керегине жараган ыймандуу эр-азаматтардан болушу үчүн Жараткан Аллага дуба кылуу балага тарбия берүүнүн алгачкы кадамдары болуп эсептелет. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз кичинесинен кулагына азан айтылган, Ислам тарбиясын алып чоңойгон баланын дайыма туура жолдо жүргөн, дайыма жакшылык иштерди жасаган адам болоорун сүйүнчүлөгөн. Орто жолдо Исламга төп келбеген анча-мынча туура эмес иштерди жасаса да, кийинчерээк күнөөсүн сезип, кайра адал жолго түшөөрүн маалымдаган. Ошондуктан кичине кезинде аткарыла турган мындай иштер балдарыбыздын келечеги үчүн өтө зор мааниге ээ.

Эркек баланы сүннөткө отургузуу да ар бир ата-эненин милдеттеринен бири болуп эсептелет. Сүннөткө отургузуу баланын Ислам динине ылайык таалим-тарбия алышына өзгөчө таасирин тийгизген факторлордон бири. Ошондуктан эркек балдарыбызды жаш чагында ылайыгы келгенде сүннөткө отургузуу өзгөчө маанилүү. Бул тойдо баланын келечекте элге пайдалуу, ыймандуу адамдардан болушун тилеп, дуба кылышыбыз керек.

Биз ата-эне катары балдарыбыздын ичип-жеген тамак-ашына өтө кылдат мамиле жасашыбыз кажет. Алардын арам тамак-аш жебеши үчүн колубуздан келген аракетибизди көрсөтүшүбүз керек. Атайын билип туруп аларга арам тамак-аш берүү алардын келечегине терс таасирин тийгизет.

;Биз Ислам динине ылайык жашасак, балдарыбыз да бизден үлгү алып адал жолдо өмүр кечиришет. Андыктан биз ата-эне катары беш маал намаз окуп, балдарыбызга намаз окуунун маанилүүлүгүн алар түшүнө турган тил менен түшүндүрүшүбүз керек. Рамазан айында орозо кармап, балдарыбызды орозого, ооз ачаарга, саарлыкка жана таравих намазына көндүрүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Аларга бир сом менен болсо да кедей-кембагалдарга жардам берүүнү үйрөтүшүбүз керек. Зекетибизди учурунда берип, аларды да зекет берүүгө көндүрүшүбүз керек. Ибадаттарыбызды аткаруу учурунда балдарыбызга эч качан ачууланбашыбыз керек, алардын жүрөгүн оорутпашыбыз керек. Намазды баштаарда же бүткөндөн кийин балдарыбызга анча-мынча туура эмес балалык кылык-жоруктарынан улам кыйкырсак, орозо кармоо учурунда аларды капалантып, жүрөгүн оорутуп койсок, бала буларды эч качан унутпайт. Бизге ачуулангандай эле, ибадаттарга карата да көңүлү сууйт. Бул учурларда балдарыбыздын мээси аппак барактай болуп, ага жазылган нерселердин бардыгы баланын жашоого болгон көз карашына, жашоого болгон мамилесине, айтоор, адамдык бейнесинин калыптанышына өтө чоң таасирин тийгизет.

Балдарыбызга убагы келгенде Куран окууну үйрөтүшүбүз керек. Арапчасын гана үйрөтүү менен чектелбей, аяттардын маани-маңызын, Курандын маанилүүлүгүн, ага эмне үчүн ишенгендигибизди ж.б.у.с. жагдайларды түшүндүрүп беришибиз кажет. Муну өзүбүз аткара албасак, билгендерден жардам сурашыбыз абзел. Эгер Куран окуганды билсек, үйдө дайыма Куран окуп турушубуз зарыл.

Балдарыбыздын дүйнөлүк билим алышын да камсыз кылышыбыз керек. Албетте, бул учурда Ислам илимдерин да терең изилдеп окушуна шарт түзүп беришибиз зарыл. Ал үчүн аларга ишенимдүү диний китеп-журналдарды, фильмдерди алып беришибиз керек.

Мына ушул сыяктуу шарттарды түзүп окутсак, балдарыбызга болгон милдеттерибиздин бир бөлүгүн орундаткан болобуз.

Учуру келгенде балдарыбызга туура эмес нерселерди да түшүндүрүп, аларды тарбиялашыбыз кажет. Ислам дининде арам деп эсептелген нерселерди балдарыбыз билип, алардан алыс болушу керек. Биздин милдетибиз балдарыбызды ден-соолугуна зыяндуу нерселерден гана коргоо эмес, ошону менен катар аң-сезимине, жандүйнөсүнө зыян бере турган түркүн түстүү нерселерден да коргоо болуп эсептелет.

Ошентип ата-эне катары балдарыбыздын үй-бүлөдөгү алгачкы туура тарбиясын берген болобуз. Бул учурда балдарыбыз үй-бүлөсүнө да, эл-журтуна да, бүтүндөй адамзат коомчулугуна да пайдалуу эл керегине жараган ыймандуу адам катары чоңойгон болот. Мына ушундай ыймандуу баланы тарбиялап өстүргөн ата-эненин амал дептерине кыяматка чейин сооп жазыла бермекчи. Муну ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз өзү сүйүнчүлөп кеткен.

Биз ата-эне катары балдарыбызга туура тарбия бере албасак, маңдайыбызда чырактай жанган балдарыбызды бир саамда оп тарткан жырткычтардын алдына өз колубуз менен салып берген болобуз. Айлана-чөйрөбүздө балдарыбызды ар дайым аңдып жүргөн ар түрлүү жырткыч-азгырыктар жылоолоп жүргөндүгүн эсибизден чыгарбашыбыз керек. Балдарыбыз бул жырткыч-азгырыктардын курмандыгына айланса, эң алгач өзүнө, андан соң үй-бүлөсүнө, эл-журтуна, коомго зыяндуу адамдардын катарынан орун алып калат. Бул дүйнөдө зыянкеч адам болгондугу үчүн башаламан өмүр сүрүү менен бирге акыретте да тозок отунда күйүп-жанат. Ал үчүн Алла Таала бизди жооптуу кылып, кыямат күнү анын эсебин алмакчы. Азирети Пайгамбарыбыз да ата-эне катары балдарыбыздан жооптуу болгондугубузду маалымдаган. Ал куттуу хадистеринин биринде: «Ата – бул чабан. Ал үй-бүлөсүнөн жооптуу!» – деген. Эгер биз балдарыбызга туура таалим-тарбия бере албасак, аларды ар түрлүү азгырыктардан алыс кармай албасак, Жараткан Эгебиз эртең мунун эсебин Өзү алат.

Комментарий жиберүү