Аял-эркекке бирдей укук керекпи же адилеттүү укукпу?

Сөзүбүздү мынабул суроолор менен баштайлы: тең укуктуулук керекпи же адилеттүүлүкпү? «Аял-эркек тең эмес» делген кезде, эмне үчүн мындан аялдын эркектен төмөн болгондугун түшүнүшүбүз керек? Же эки нерсенин бири-бирине тең болбогондугун айтуу биринин экинчисинен жогору болгондугун туюнтабы? Мындан аялдын төмөндүгүн түшүнгөндөр ырасында, бул түшүнүк менен адилетсиздикти кабыл алышкандыгын тастыктаган болушат.

Бурама менен гайка бирдей эмес. Бирок кайсынысы жогору турат? Же болбосо, экөө тең бирдей милдетти аткарабы? Өгүз менен кошо уйду сокого салуу адилетсиздик эмеспи? Бул жерде экөөнө бирдей мамиле жасоо жакшыбы же адилеттүү мамилеби? Аялзатынын ар түрдүү оор жүктөрдү ташып иштей ала тургандай күчү барбы? Аялзаты мындай иштерге салынса, табиятына, табигый өзгөчөлүктөрүнө доо кетип калбайбы? Батыш ойчулдарынан бири: «Бүгүнкү күндүн агымы аялдарды экиге бөлүүдө. Убакыт өткөн сайын да бөлө бермекчи. Түгөтүүчү аял жана өндүрүүчү аял. Биринчиси айымдыктан ургаачылыкка, экинчиси күн өткөн сайын айымдыктан эркектикке карай багыт алып баратат» дейт (Attılâ Ilhan, Yanlış Erkekler, Yanlış Kadınlar 63). Өндүрүүчү аялдар – булар ар тармакта эркектер сыяктуу иштеген аялдар.

Аял киши мээримдүүлүгү, сезимталдыгы, боорукерлиги, назиктиги жагынан эркектерге эч качан камчы салдырбайт. Ал эми эркектер акылдуулугу, чечкиндүүлүгү, күчтүүлүгү жагынан аялдарга салыштырмалуу жогору болушат. Тарыхта чыгыштан Фарабий, Ибн Халдун, Ибн Рушд, Имам Газалий, Мавляна Жалаладдин Руми, батыштан Аристотель, Сократ сыяктуу ойчулдардай аялзатынан чыккан канча ойчул бар? Дүйнөдөгү эки жүзгө жакын мамлекеттен канчоосунун башында аял турат?

Кээ бир аялдардын эркектерге таандык иштерди жасап, айрым эркектерден илгери жетишкендиктерге жетиши өзгөчө жагдайлар (исключениелер) болуп эсептелет. Ошондой эле бул жерде алдыга чыгуу менен алдыга чыгарылууну бири-биринен ажыратып алышыбыз керек. Айрым бир аялдарга эркектердин тигил же бул жумушун берип, аларды атайын илгери ийгиликтерге жеткизип, жалпы коомчулукка «мына, аялдар да момундай жетишкендиктерди багындыра алат!» деп жар салгандардын азгырыгына алданбоо кажет.

Эки жүз жылга жакын аял менен эркектин тең укуктуу болгондугун жактаган байкуштар (байкуш дейм, себеби алар айткан сөздөрүн далилдей алышпады!) эмне үчүн муну далилдей албай келишет? Далилдешти, бирок, жасалма далилдешти. Андай болсо, эмне үчүн дааратканаларын «эркектерге» жана «аялдарга» деп бөлүп жатышат? Мыйзамдарында буга мажбур кыла турган эрежелери болбосо да, эмне үчүн эркектер менен аялдар ар бири өзүнө тиешелүү кийимдерди кийип жүрүшөт? Эмне үчүн боорукерлик, мээримдүүлүк талап кылынган бейтапканалардагы санитар-дарыгерлердин көбү аялдар?

Демек, аялзаты менен эркек милдеттери жана укуктары жагынан бири-биринен айырмаланып турат. Алар физиологиялык жагынан да, психологиялык жагынан да ар башкача өзгөчөлүктөргө ээ болушат. Ошондуктан аял менен эркектин ортосунда кескин түрдөгү тең укуктуулук жана тең милдеттүүлүк болушу мүмкүн эмес. Муну же психологиялык жактан жабыркагандар, же койнунда котур ташы барлар арам ойлорун жүзөгө ашыруу үчүн гана жакташат.

Акыл-эси жайында болгон адам аял-эркектин кескин түрдөгү тең укуктуулугун жактагандардын муну жүзөгө ашыра албаганын, ошондой эле бөрк ал десе, баш алгандарын жана бул учурда адамдык тең салмактуулукка да доо кетиргендиктерин кабыл алууга мажбур болот. Себеби трактордо өз ордунда өтө чоң кызмат кылган бураманы башка жериндеги бурама менен алмаштырууга аракет кылуу эки бураманы тең жараксыз абалга алып келүү, тракторду бузуу дегенди түшүндүрөт. Анткени бул эки бураманын тең өз ордуларында өзгөчө маанилүү милдеттери бар. Эч бири маанисиз болушу мүмкүн эмес. Ошондой эле бул жагдай биринчи бурама экинчисинен жогору дегенди да түшүндүрбөйт.

Булар тең укуктуу кылабыз деп көчөгө алып чыккан аялзатын эркек кыла алышкан жок, бирок аялзатынын аялдык касиетин тебелеп, маскарага айлантышты. Аялзаты бүгүнкү күнү тоос кушуна (павлинге) теңелгиси келген карганын кейпин кийген абалда турат.

«Буга аялдар ыраазы, алар өздөрүнө мына ушундай укуктардын берилишин каалап жатышат» делсе, адам баласы өз укуктарына ээ болуу менен бактылуу болобу, же өз укуктарын тебелетүү мененби? деген суроо туулат. Жообу, албетте, белгилүү. Андай болсо, эмне үчүн эсибизге келгибиз келбейт? Мындай укуктар өтө жогорку деңгээлде берилген Скандинав өлкөлөрүндө бузукулуктун түрү эмне себептен көбөйүп жатат? Эмне үчүн дүйнө жүзү боюнча өзүн-өзү өлтүргөн аялдардын көбү ошол жерлерде болуп жатат? Атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында бул жерлерде кырк жаштан ашкан аялдардын %12’ы өзүн-өзү өлтүргөндүгү аныкталган. Жарым өмүрдү жашаган соң булардын жашоосунун тозокко айланышына эмне себеп болду экен? Ээ болгон укуктарыбы? Демек, чөптө протеин же А витамини жок деп жылкыга эт, ал эми итке чөп берүү «тең укуктуулук» болушу мүмкүн, бирок муну эч качан адилеттүүлүк дей албайбыз!

Комментарий жиберүү