Таалим-тарбия

Куран Карим бизге убакытты туура пайдалануубузду буюрат. Аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат: «Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну насаат кылдык. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрөт жана кыйналып төрөйт. Аны (баланы) курсагында көтөрүп жүрүү жана эмчектен чыгаруу отуз айга созулат. Ал качан баралына жетип, кырк жашка келген кезде, ал: «Эгем! Өзүң мага жана менин ата-энеме көргөзгөн жакшылыгың үчүн мени Өзүңө шүгүрчүл пенде кыла көр. Сени ыраазы кыла турган жакшы иштерди жасоодо мага күч-кубат бере көр. Мага да, урпактарыма да жакшылыгыңды жаадыра бер. Өзүңө тообо кылдым. Мен мусулмандарданмын» – дейт» (Ахкаф сүрөсү, 15)

Мында адам баласынан ата-энесинин эмгегин актоосу жана аларга жылуу мамиледе болуусу, ошондой эле аны жараткан жана бардык ырыскы-нээматтарды ыроологон Алла Таалага шүгүр келтирүүсү талап кылынат. Адам баласы кырк жаштарында Алла Таала тарабынан ыроолонгон жакшылык-байлыктын баркын билип, ага шүгүр кылып, өзүн-өзү суракка тартуусу керек. Буга чейинки жасаган иштерин, мал-мүлкүн кайдан таап кай жерге сарптагандыгын, «адал-арам» эрежесине канчалык даражада көңүл бургандыгын, ошону менен бирге балдарына кандай тарбия бергендигин ойлоп, мындан кийин кетирилген кемчилик-мүчүлүштүктөрдү оңдоого аракет кылуусу керек.

Жогорудагы аяттан шүгүрчүлүктүн маанилүүлүгүнө ишарат жасалгандыгын байкоого болот. Шүгүрчүлүк, ыраазычылык – бул келечектин кеңдигине, анын жигердүү болушуна себеп. Бул өңүттөн баланы тарбиялоодо мыкты усул-ыкмаларың жана алдыга койгон бийик максаттарың болуш керек. Мисалы алты жашка чейинкилерди карап көрсөк, бул курак жаш бала үчүн өтө маанилүү, аны тарбиялоодо ар кандай багытка буруу мүмкүн. Анткени ушул куракта жаш балдарда бир нерсени адатка айлантуу же тез кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрү күчөйт. Ал эми алтыдан он эки жашка чейин гүлдөп, андан соң өмүр бою мөмөсүн бере баштайт. Ошондуктан жаш баланын алты жашка чейинки өмүрү бир улуттун, бир үй-бүлөнүн келечегинин пайдубалы.

Балдарыбыздын кабыл алуусу күчөп турган кезде аларга ыйманды, ибадатты, Куранды, адеп-ахлакты үйрөтсөк, биз үчүн да, алар үчүн да кандай жакшы. Ошондой эле анын жакшы тарбияланып чыгуусу үчүн сабырдуу болуп, эринбестен убактыбыздын бир бөлүгүн балдарыбызга бөлсөк, ар бирибиз үчүн өтө маанилүү. Ага мээримдүүлүк менен мамиле жасап боорукердикти да үйрөтүү керек. Анткени жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат эмеспи. Ар кандай айтылган жакшы сөздөр менен тарбияланган бала ошол сөздөрдүн таасири менен чоңойот. Ал эми жакшы тарбиялоо ата-эненин милдети.

Бул ааламдан кетээр убакыт келгенде жайнамазымды кимге таштайм? Аллахтын атын жеткирүү жана жакшылыкка чакыруу үчүн ордума кимди дайындап кетем? Мына ушуларды ойлонуу керек. Жактырып бирге иштешкен коом менен бирге болууну анын баласы да каалайбы? Жийиркенип, айланып өткөн күнөөлөрдөн баласы да качып өтөбү? Аны менен жашоого болгон көз карашыңыз туура келеби? Келбесе аларды кантип байланыштыруу керек?

Аяттын негизги бизден талап кылып жатканы, бул суроолор менен ар бирибиз өзүбүздү суракка тартуубуз керек. Эгерде маанилүү иштердин баарынын түпкүрүндө пландуу иш аткаруу, сабырдуулук менен жана бир тартипте иш жүргүзүү турган болсо, анда Куран аяты бизге так ушул нерсени буюруп жатат деп айталабыз.

Балким кээ бир иштерди аткарууда шашпоо керек. Бирок чоңоюп келе жаткан балдарыбызга динибизди жеткирүүдө шашылышыбыз керек. Анткени жашоо, убакыт токтобойт. Биз милдетибизди аткарсак да, аткарбасак да өмүр өтө берет. Жаңы төрөлгөн наристе чоңойуп өсө берет.

Жаштарды туура жолдон азгыруу үчүн тымызын жүргүзүлүп жаткан кыймыл-аракеттердин пайда болуусу, аятта буюрулган милдеттердин маанилүүлүгү дагы да жогорулайт. Ошондуктан колубуздан келишинче жаштарды ыймандын тарбиясына жууруп, адал жолго үндөйлү. Ыймандын тарбиясы – келечек муундун жаркын жашоосу.

Комментарий жиберүү