Жакшы перзент тарбиялоо

Жакшы перзент тарбиялоо маселесинде ата-эне бирдей багытта иш алып баруусу абзел.Бала тарбиялоо жөндөмү болбогон, болсо дагы жоопкерчиликти мойнуна албаган эне жана алардын эч бир проблемасына чара көрбөгөн атанын балдары ата-энелери бар болсо дагы жетим болуп эсептелет.
Алла Таала мээрим,сезимталдык берип, балдарды тарбиялоону табиятынын бир тарабына айландырган эне, руханий маңызындагы бул мүмкүнчүлүктү балдарын чыныгы инсандык улуулукка чыгаруу жолунда колдонуусу зарыл. Негизинде ал табияты жагынан мугалим жана тарбиячы болуп эсептелет. Анын эң негизги милдети балдарын тарбиялоо болушу керек. “Алла, энени баласынан ажыраткан адамды кыямат күнү сүйүктүүлөрүнөн ажыратат”[22] деп айтылган хадис дагы эненин бала тарбиялоодогу өзгөчө ролун өтө ачык-айкын көрүнүштө баяндоодо.
Эне өз табиятынын талабын аткарып, ата дагы жаратылышынын талабы катары салабаттуу, даанышман жана кылдат болушу зарыл. Ал саясат, мамлекеттик жумуш, соода, дыйканчылык ж.б. иштер менен алек болуу менен бирге табиятынын талабы катары үй-бүлөсүнө карата камкордугун дагы калтырбашы керек. Ооба ал, күчү, чыдамкайлыгы, эрки жана өзгөчө жаратылган жаратылышынын талабына жараша иштерди аткарууга тийиш. Негизинде эзелтеден бери эле ал өзгөчө жоопкерчиликти ийиндеп, токойдон отун алуу, жер айдоо, эгин эгүү жана аны оруп-жыйноо, курулуш жана завод-фабрикалардагы баардык оор иштерди эркек киши жасап келген. Ушундай оор иштерге чыдай ала турган эркек киши өз ордун сактай билип, аялдардын иши менен аялдардай табиятка ээ болуп калбашы керек. Жана ошондой эле аялдарды дагы аларга оор келген иштерге салбашы зарыл.
Эркек адам эрктүүлүктүн, чыдамкайлыктын ээси бирок, мээримдүүлүктүн каарманы боло албайт. Мээрим, эненин эң өзгөчөлөнгөн сыпаты, ал баласын тогуз ай курсагында көтөрүп жүрөт. Аны толгоо кыйынчылыгын тартып, бул дүйнөгө алып келет, канчалаган кыйынчылык, машаакаттар менен аны чоңойтот. Ал ыйласа түн уйкусун бөлүп, бооруна кысат. Табиятынын талабы катары баласы үчүн жанын берүүгө даяр болуп жашайт. Мына ушундай бир тарапта аял, экинчи тарапта эркек бейиштин сарайларын элестеткен үй-бүлө курушуп, ал үй-бүлөнүн жүзүнөн акыретти көрө алышат.
Батышта эркек бир ишканада, аял башка бир ишканада иштейт. Балдар же башканын колунда же бала бакчада. Ырас, эркек дагы аял дагы иштесе, балдар белгилүү өлчөмдө болсо дагы жалгыздыкка ташталат. Андан кийин бул адамдар өздөрүн: “Ал жерде өтө мээримдүү, билимдүү адамдар бар. Балдарды бизге караганда дагы жакшыраак карашат”- деп ишендиришет. Ал эми чындыгында баланын мындан башка дагы каалагандары бар.
Бакчада балдардын кийимдерин убагында алмаштырып, тамагын убагында берип, таза абага алып чыгып сейилдетиши мүмкүн, бирок бул иштерди жасагандар эч бир убакта баланын ата-энеси боло албайт, алар бала өтө муктаж болгон мээримди көрсөтө алышпайт. Мээрим – балага энесинин жүзүнөн байкалган, кучагында сезилген, атасынын камкор көз карашы жана бул нерсе табигый байланыш. Муну бере алышпагандан кийин баланы эч кандай башка нерсе менен канааттандыра албайт.
Ушундай билим очокторуна жана бакчаларга ташталган балдарды мындай кой, шакирт боло турган учурда устанын колуна тапшырылган балдарды ала турган болсок; эгер ал уста ырайымсыз жана катаал болсо, ар дайым орой мамилени көргөн бул балдар, убакыттын өтүшү менен сезимсиз, катаал жана мээримсиз болуп өсүшөт. Алар башкаларга эмес, ата-энелерине карата дагы орой мамиле кылуудан кайра тартпайт. Андай катаал адамдар шакирттик учурунда, ал бейкүнөө балдардын назик жан дүйнөсүнө тийгизген терс таасири тескери натыйжаларды бере турган болсо, бул дүйнөгө келээри менен эле башка бирөөнүн колуна тапшырган балдарыбыз, ал бөтөн колдордо кандай абалга түшөөрүн так айтуу кыйын болсо керек.
Ар дайым Өзүн бизге Мээримдүү жана Ырайымдуу деп тааныткан, Курани Каримдежүз он төрт жолу “Бисмиллахиррахманиррахим” деген улуу сөздө Мээримдүүлүгүн жана Ырайымдуулугун көрсөткөн Алла Таала, ушул ысым жана сыпаттары менен энеге чагылып тургандай болот. Ооба, Алланын Мээримдүүлүгүнүн бир үй-бүлөгө чагылуусун, эненин балдарына көрсөткөн мээрими деп айтууга болот. Бул нерсенин дүйнөдө эч бир нерсе менен салыштырууга болбой турганчалык улуу экендигинде шек жок.
Бир учурларда университетте билим алган, ал гана эмес, магистратура, докторлук жактаган, бирок, террордук уюмдардын колуна түшүп калган кээ бир жаштар болгон жана алар ата-энени ыйлатып, сыздаткан мээримсиз, сезимсиз адамдар болуп чыга келди. Бирок булар сейрек болгондуктан, билим алууну жана билим берүүнү сынга алууга себепчи боло албайт эле. Эч ким өз баласын окко учуп өлсүн же коомчулуктун тынчтыгын бузсун, деп тарбиялабайт;бирок, кээде алардын эч ойго келбеген агымдарга кошулуп кетишин дагы тосо албай калат. Мына ушундай күтүлбөгөн жагымсыз нерселер же болушу ыктымал болгон коркунучтарга каршы ата-эне үйүн коргон сымал колдонуп, балдарынын адеп-ахлактык тарбиясын биринчи орунга коюулары зарыл жана балдарынын жаман жолго түшүп кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербеши керек.
Натыйжа катары айтыла турган нерсе, ата-эне, сезимтал, эл-жерин, динин сүйгөн перзент тарбиялоо үчүн зарыл болгон баардык иштерди жасашы керек жана анын зээнинде, жан дүйнөсүндө боштук калып калышына жол бербөөсү шарт. Эгер ата-эне диндар, Куран өкүмдөрүн бекем тутунган, Ислам динин жакшы билген адамдар болсо, балдары дагы, Кудай буйруса, сезимтал болуп өсөт жана элинин келечегин жарытат.

Комментарий жиберүү