Эркек-аял атаандашуусу

Советтик доор өткөн соң көптөгөн мусулман өлкөлөрдө коомдук жашоодо Ислам дининин бир кыйла илгерилөөсү байкалууда. Анын негизинде «аялдын коомдогу орду» деген темадагы көптөгөн талаш-тартыштар коомчулукта жашап келет.
Андыктан бул маселени Исламдын өзүнүн көз карашы менен каралышы, тагыраак айтканда, Алла Тааланын адам баласына берген мүмкүнчүлүктөрүнө негизделип каралышы зарыл.
Кандайдыр бир нерсени аныктап тааныш үчүн салыштырма зарыл болгондой эле, аял затын таануу үчүн эркек менен салыштыруу абзел. Эркек болобу, аял болобу экөөнүн тең мүмкүнчүлүк табияты бирдей болгону менен, айырмасы да бар экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Тактап айтканда, эркек менен аялдын дээринде негизги базалык мүмкүнчүлүктөр менен кошо ар бирине таандык ар башкача өзгөчөлүктөр да бар. Андыктан эркек да, аял да бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон жерде, башка бирөөнү, үй бүлөдө болобу, коомдо болобу ар дайым өзүнө атаандаш көрүп келет.
Атаандаштык көрүнүш Адам ата, Обо энеден тартып кыяматка чейин улана турган табигый жараян болуп саналат. Бул теманын канчалык көйгөйлүү экендигин аныктаган соң, атаандаштык адам баласынын жашоосундагы кандай абалдарда жана кимдер арасында пайда болушун да аныктай кетсек жаңылыштык болбосо керек.
Негизи атаандаштык сезим ар бир адага Алла Таала тарабынан орноштурулган. Маселен, үстөмдүк кылуу, мансапка жетүү, бир нерсеге ээ болуу сыяктуу көр пендечиликтин белгилери атаандаштыктын белгилери болуп эсептелип, эркек-аял айрымында чектелбейт.
Адам баласы Алланын жараткан макулугу катары башка жандыктардан өзүнүн ичине эки карама-каршы күчтү, тагыраак айтканда, бири-бири менен үзгүлтүксүз күрөшүүдөгү логика менен эмоцияны камтыгандыгы менен айырмаланат. Атаандаштык – логика менен эмоциянын күрөшүүсүнүн натыйжасында келип чыга турган нерсе, ошондой эле ал жыныс айырмачылыгына карабайт. Маселен, кээ бир адамдын логикасы кандайдыр бир олуттуу окуяда өп учурда логикасы жеңип чыккан болсо, кимисинин эмоциясы жеңип чыккан болот. Демек, мүмкүнчүлүктөр бирдей болсо да, ал мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүп колдоно билгенге жараша ар кандай натыйжа берет. Маселен, көп учурда аялдын логикасы эмоцияга алдырат. Ал эми эркектин логикасы эмоциясын башкарат. Мен бул салыштыруум аркылуу аялдын акылы тайыз дегенден алысмын. Себеби мен эркек менен аялдын логикасын горизонталдуу түрдө салыштырганымдай эле экөөнүн эмоцияларын да салыштырганым жок. Бул жердеги салыштыруу вертикалдуу түрдө болуп, эркек менен аялдын ар бирөөсүнүн логикасы менен эмоциясынын күрөшүнүн натыйжасы салыштырылып жатат. Чынын айтканда жашоодо эмоцияга жеңдирип койгон канчалаган эркектерди көргөндөй эле логикасы менен ашынган эмоцияларды жеңип кеткен аялдарды да көрүп жүргөн чыгарбыз.
Бул темада Ыйык Куран да, адам баласы бул дүйнөдө коомдук жашоосунда аалым-окумуштуу, ишчи, же дыйкан болобу, аны Алла Таала чечээрин айтып өткөн. Алла Таала адамдарды бирин-бирине үстөмдүк кылуу менен аткаруучулук вазийпа жаратат, жана ар бир адамга аткарган вазийпасына жараша ырыскысын жана сообун берет. Бул адилеттүүлүк жалпы эле адам баласынын дээриндеги негизги базалык мүмкүнчүлүктөргө, жана эркек менен аялдын ар бирөөсүнө таандык өзгөчөлүктөргө негизделген. Адамдын коомдогу ордун, статусун Алла Таала анын ниетине, койгон максатына, дилине, умтулуусуна жана аларды жүзөгө ашыруусуна жараша теңдеп, бөлүштүрөт. Албетте ал орундун коомчулукта аткарган вазийпасы бар, вазийпа болгондон кийин жоопкерчилиги да бар. Ал орун менен жоопкерчиликтин башкасынан болгон айырмасы өйдө же төмөндүгүндө эмес. Бирок ал орундун түрүнөн жана аткаруучулук жагынан айырмалана турганын эске алуубуз кажет.
Эркек менен аялдын өздөрүнө таандык өзгөчөлүктөрүн физиологиялык, психологиялык, генетикалык жактарда караштырсак таба алабыз. Маселен, эркек балада, төрөлгөнүнөн тартып дээринде эркекке таандык өзгөчөлүктөрү болот. Мына ошол өзгөчөлүктөрдү канчалык туура өнүктүрүп тарбияласа, ошончолук туура өнүккөн атаандаштык пайда болот. Кыз балада да өзүнө таандык атаандаштыкты өнүктүрүүбүз зарыл. Бирок эгер бул атаандаштык өз нугунан чыгып кете турган болсо динге каршы атаандаштыкка айланып кетээрин унутпашыбыз керек. Мындай көрүнүш коомчулугубузда жок эмес. Маселен, кайсы бир үй-бүлөөдө беш кыз менен атасы жок чоңойгон баланы алып көрсөк, анын атаандаштыгы кандай болушу мүмкүн? Албетте кескин түрдө болбосо да, атаандаштыгы аялдарга таандык өзгөчөлүктөргө ийкемдүү болуу ыктымалы чоң. Эркек баланын эркекке таандык өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүп-өрчүтүү атага гана таандык. Андыктан аны жүзөгө ашыруу жараяны учурунда маалымат атадан келиши керек. Ал маалыматтын жоктугунан улам эркек бала айлана-чөйрөдөн келген кандайдыр бир психологиялык абалда чоңоет. Ал абал убакыт өткөн сайын баланын физиологиялык түзүлүшүнөн тартып биологиялык өзгөрүүлөрүнө чейин алып барышы ыктымал.
Психологиялык жактан эркек-аял айрымы аялдын коргонуу туюму эркектикине караганда көбүрөөк өнүгүп чечкиндүүлүксүздүн башатын жаратат. Ал эми эркекте болсо жулкунуу психологиясы аялдыкына караганда көбүрөөк өнүгүп аялдын чечкинсиздигин толуктайт. Буга мисал катары статистикалык тыянактарды эле алып көрсөк, жесир аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жашашат.
Физиологиялык жактан болсо тулку боюнун формасынан тартып ал форманын көлөмүнө чейин болгон айырмачылыктарын бардыгыбыз жакшы билебиз. Албетте бул дагы болсо Алла Таала тарабынан ар бирине берилген өзгөчөлүктөргө негизделген, ишке жөндөмдүүлүктүн натыйжасы десек жаңылышпайбыз. Мисалы, кара күч жана куру логика колдонулган жерде эркектерди көрүп, эмоция колдонулган жерде аялдарды көрөбүз. Бирок буга терс келген көрүнүштөрдү деле бардыгыбыз көрүп жүрсөк керек. Мисалы балабакчадагы эркек тарбиячы менен курулуштагы аял сыңары жыныстык багытын табиятка каршы кайрыгандар деле жок эмес.
Жогоруда айтылгандардан атаандашуу бир гана негизги базалык мүмкүнчүлүктөр менен чектелбей өзгөчөлүктөр жаатында да болушу менен коомчулук үчүн кандайдыр коркунуч пайда болгонун баамдай алабыз. Тактап айтканда, эгер ал коркунучтун алдын албаса, анда ал коомчулук патриархалдык же матриархалдык же таптакыр эле анархиялык коомго айланышы мүмкүн.
Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн Ислам укугу талап кылынат. Ислам укугунун методологиясы жыныстардын негизги базалык мүмкүнчүлүктөр менен өзгөчөлүктөрүн бирдей этибарга алгандыгы үчүн эркек менен аялга туура жана коомчулукка пайдалуу атаандашууну сунуштайт.
Эркек менен аял беш туйуу сезимине бирдей ээ катары ал мүмкүнчүлүктөр негизинде эмне кылынышы мүмкүн болсо, Ислам укугу бул жаатта атаандашууга үндөйт жана чакырат. Ал эми атаандашуунун тыюу салынган жагына мисал келтирсек, Ислам укугу жыныстардын өзгөчө мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, эркекке энелик жаатында, аялга болсо аталык жаатында жана башка өзгөчөлүктөрдө атаандашууга тыюу салат.
Ислам укугу, эркек менен аял арасында тең укуктуулукту жарыялайт. Андыктан Ислам дининде аял кишинин эркектикиндей жумуш акысы болгондой эле мамлекеттик мекемелерде чоң мансаптарга ээ болуу сыяктуу көптөгөн укуктары бар. Бирок, Ислам укугунун методологиясында укуктарга ээ болуу милдеттерди унутуп коюуну туюндурбайт. Тескерисинче, батыштын заманбап маданиятына салыштырмалуу Ислам укугу оболу милдеттердин аткарылышын талап кылат, андан соң укугун талап кылышка жол берет. Ислам укугунун методологиясы адамды жыныстарга бөлбөй милдеттерди да, укуктарды да Алланын адам баласына берген мүмкүнчүлүктөрүнө негиздеп тең бөлүштүрөт. Тактап айтканда адамдын коомдук статусу негизги базалык мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлүктөрүнөн улам келип чыгат. Ал статустун милдети башка бир статустун акысы саналат. Мисалы, өндүрүштүк статустун милдети буюмдагы сапат болсо, ал милдет сатып алуучу статусунун акысы болот. Ошондой эле күйөө статусунун камсыздоо милдети аял статусунун акысы болуп эсептелет. Бирок аял статусунун акысына ээ болушу күйө статусунун тилинен чыкпоо милдетин (албетте шариат чегинде) аткарган соң жүзөгө аша турганын эстен чыгарбоо керек. Андыктан Ислам дининдеги үй-бүлө шериктештик жана келишим негизинде түзүлгөн болот деп айта алабыз.
Ошентип, эркек менен аялдын ортосундагы мүшкүл-маселенин бардыгы болбосо да, бир кыйласынын чечилиши ар бир адамдын акы талап кылуудан алдын милдеттерин аткаруусунда жаткандыгын баамдадык. Эгер акы талап кылууну, милдеттерди аткаруудан жогору кое турган болсок, акы талап кылынган адамдын да, акы талап кылуу акысы бар экендигин унуткан болобуз. Адам баласынын акыларынын соңку чеги башка адамдын акыларынын башталыш чегинде эмеспи. Бирок ал чекти кантип аныктайбыз дегенге келгенде, Ислам укугунун көз карашында, укуктар милдеттердин аткарылышы менен аныкталып, милдеттер болсо Алла Таала тарабынан адам баласына ыйгарылган негизги базалык жана эркек менен аялдын ар бирине таандык өзгөчө мүмкүнчүлүктөр менен аныкталат.
Ал эми атаандашуунун жыйынтыгына келсек, Ислам укугу негизги базалык мүмкүнчүлүктөр жаатында атаандашууга үндөп чакырат. Себеби бул атаандашуу өнүгүп өркүндөөгө алып келет. Бирок, өзгөчө мүмкүнчүлүктөр жаатындагы атаандашууга Ислам укугу тыюу салат. Анткени «өзгөчө мүмкүнчүлүктөр жааты» деп аты өзү эле айтып тургандай, башка акы жана милдеттердин майданы болуп, андай атаандашуу табият тышы жана күнөө эсептелет.
Алла Таала бардыгыбызды биринчиден негизги базалык мүмкүнчүлүгүбүздү атаандашуу аркылуу өркүндөтсүн, экинчиден ар бир эркек менен аялды да өз жааттарында атаандашууларынын натыйжасын жемиштүү кылсын деп Жараткандан тилемекчимин.

Комментарий жиберүү