Азан

Азан

Окшош мазмун

  • No related post.

Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн баштап, дин эркиндигине ээ болуп Ислам динибизди тереӊдеп үйрөнүүгө көптөгөн мүмкүнчүүктөр пайда болду. Аллах Тааланын ыйык үйү болгон мечиттер динибизди үйрөнүүнүн эӊ башында турат. Мына ошол мечиттерден ибадаттарыбызды аткарып, куран окуп, диний сабактарды угуп ар жума эл чогула жума намазын окуп, эли-журттун тынчтыгы үчүн дуба кылып Аллах Таалага жалбарып келебиз.

Бирок кээ бир инсандар мына ошол мечиттерден чыккан “Азан” үнүн угуп Аллахка шүгүрчүлүк айтса, кээ бир инсандар ошол азанчынын үнүн жактырбай сын пикирлерин айткан учурларда кездешип келет. Албетте “азанды” айтканда тажвид эрежеси менен айтат, бирок азанды уккан мусулман адам аны кайталап Аллах Таалага шүгүр айтыш керек.
Азан үнү кандай сонун керемет “азан” адамдарды кутулууга, Аллахка жалбарууга чакырат беш убак намаздын убактысын билдирет. Ошондуктан ар дайым азан үнүн угууну Жараткан баарыбызга насип кылсын.

Азан жөнүндө сын пикирлерин айткан адамдар Ислам динибиз жөнүндө бираз болсода маалыматка ээ болсо минтип айтпаса керек. Мусулман адам төрөлгөндө кулагына азан чакырылып, туулгандан бери азан үнү менен жашоо башталып жатпайбы аны унутуп калганбы же эстегиси келбейби ошол кулагына азан чакырылган адамдардын кээ бирлери минтип туура эмес сөздөрдү айткандары жанды кейитет.

Кимде ким таң эртелеп туруп намазын окуп анан жумушка камданса ошол күну беркелүү болуп бардык жумушун аткарганга жетишет, ден-соолугуда жакшырат. Белгилүү ислам аалымы Ибни Сина айткан экен: ден-соолуктун жакшы болушу үчүн эки жол бар биринчиси аз уктоо, экинчиси аз жеш. Балдарыбызды тарбиялоодо эрте менен көп уктатпастан аларды таң эрте менен тургузуп спорт менен алектендирип, мектеп сабактарын кайталатып билимдүү кылууга аракет кылышыбыз керек. Себеби кичинекейинен көп уктап жалкоо болсо өзүнө жана коомго пайдасы тийбеген адам болуп калаары мүмкүн. Элибизде жакшы макал бар эмеспи “баланы жашынан, тарбиялоо керек” деп, бул жөн гана айтылган кеп эмес.

Андыктан таң эрте менен азан чакырылганда, “Оо Жараткан Аллах ушул күнгө жеткизгениңе шүгүр, себеби канча деген адамдар ар кандай себептер менен ушул күнгө жетпей бул дүйнөдөн кош айтышты, ушул азан үнүн угалбады” – деп эки ирет шүгүр келтиришибиз керек.

«Төрөлгөнүбүздө кулагыбызга азан чакырылат, өлгөнүбүздө азансыз намаз окулат ал эми биздин жашообуз ошол азан менен намаздын ортосунда болот жашообуз канчалык кыска, анда дароо ибадат кылууга шашалы!»

Комментарий жиберүү