Ислам маданиятынын бийиктиги

Ислам ахлагы ыймандууларга берген маанилүү бир өзгөчөлүк – бул жогорку чеберчилик жана кооздук түшүнүгү. Куранда кабар берилген бейиш сүрөттөөлөрү мүмкүн болгон эң жогорку сапатты, терең ырахатты жана көз жоосун алган бир көркөмдүктү сүрөттөйт. Бул түшүнүктү жүрөктөрүнө орноткон Мусулмандар теңдешсиз эмгектерди пайда кылышты, башкарган өлкөлөрү дүйнөнүн эң тандалган жана «заманбап» жерлерине айланды. Ислам Арап жарымаралынан төрт тарапты көздөй жайылып жатып, өзү менен бирге улуу бир өнүгүүнү жана байлыкты да алып келди.
Мусулмандар барган жерлеринин баарына маданият алып барышты. Мисалы, Тунисте шаарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн гениалдуу бир тазалоо системасын курушкан. Бир-бирине уланган эки чоң бассейнде эс алдырылган суу бүт тунмалардан тазаланып, анан жабык түтүктөр менен шаарга таратылган. Европалыктардын мындай нерсени ойлонушу да кылымдардан кийин гана мүмкүн болду. Сириядагы Мусулман инженерлер сууну шаарга алып баруу үчүн кереметтүү долбоорлонгон тегирмендерди курушкан.
Борбор шаар Багдад болсо дүйнөнүн эң көркөм жана эң заманбап шаары эле. Архитектурасы жана шаар тартиби жагынан көз жоосун алчу. Багдадга жумуштап барган бир саякатчы мындай деп жазган:
Багдаддын бүт аймактары парктарга, бакчаларга, виллаларга жана майдандарга, чоң базарларга, кооз мечиттерге жана мончолорго толо. Жана бул кереметтүү шаар дарыянын эки тарабында да километрлер бою ушундай кооздукта созулуп жатат.3
Ислам дүйнөсүнүн башка бир көркөм борбору болсо Испания эле. Ал жерде курулган Мусулман Андалусия мамлекети бүт Европанын эң заманбап жана өнүккөн өлкөсү эле. Борбор шаар Кордоба укмуштуу архитектурасы, таза каралган жана жарык көчөлөрү, китепканалары, ооруканалары жана сарайлары менен көз жоосун алчу.
Ал кездерде Париж, Лондон сыяктуу чоң Европа шаарлары кир, караңгы жана кароосуз эле. Ушул себептен Кордобага келген Европалык Христиандар шаардагы кооздукка, маданиятка жана чеберчиликке таң калышчу. Бостон университетинде иштеген тарыхчы Шейла Блэр (Sheila Blair) Кордобанын кооздугун мындайча сүрөттөйт:
9- жана 10-кылымда Кордоба шаары Европадагы эң чоң шаарлардын бири жана эң жагымдуусу эле. Шаарга келген адамдардын бул жөнүндөгү сүрөттөөлөрү бар колубузда. Бүт ал гүлдөр, ал ачык чоң көчөлөр, ал укмуш жарыктандыруу… Түндүктөгү (Христиан) шаарлары болсо караңгылыкта эле. Кордобада гана таза ичүүгө болгон суу бар
эле, адамдар чоң үйлөрдө жашашчу. Парижде болсо адамдар дарыя жээгиндеги кичинекей алачык тамдарда жашашчу.

Кордобанын кооздугунан сакталып калган өтө аз эмгектердин бири – бул учурда шаардын борборунда жайгашкан Католик собору. Ал собор негизи бир мечит эле, кийин чиркөөгө айландырылган. Мечиттин ичи болсо келгендерди арбап ала турган сулуулукта эле. Кордобага келген Христиан саякатчылар бул кооздуктан өтө таасирленишчү. 10-кылымда Horotzwither аттуу саксон бир монахиня Кордобаны «дүйнөнүн кооздугу» деп атаган.

Андалусиянын эң кооз имараттарынын бири болсо – Ислам чеберчилигинин жана кооздугунун укмуштуу өрнөктөрүн камтыган аль-Хамра Сарайы эле. Сарайдын ар бир майда-баратында Ислам адамдарга тартуу кылган бийик руханияттын ырахаты көрүнчү. Аль-Хамранын бакчалары жердин тартылуу күчүнөн пайдаланып жасалган комплекстүү фонтан системаларына толо эле. Куранда кабар берилген бейиш сүрөттөөлөрү Аль-Хамраны курган Мусулмандардын илхам булагы болгон эле.
Куранда бейиш жөнүндөгү аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Мына ошолор; алар үчүн белгилүү бир ырыскы бар. Ар түрдүү мөмөлөр. Алар даам татышат. Немат-жакшылыктарга толгон (наим) бейиштерде. Бир-бири маңдайында тактылар үстүндө (отурушат). Булактан (куюлган) чөйчөктөр менен айланаларында айланышат. Аппак, ичкендерге ырахат (тартуулаган бир ичимдик). Анда баш балээси да, акылдарын жоготуу да жок. (Саффат Сүрөсү, 41-47)

Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү коюу дарактарга) ээ. (Рахман Сүрөсү, 48)

Астылары өтө жасалгаланган атластан төшөктөр үстүндө жазданышат. Эки бейиштин тең мөмөсүн-алуу (ал жердегилерге) жакын (оңой). (Рахман Сүрөсү, 54)

Болушунча жапжашыл. (Рахман Сүрөсү, 64)

«Өтө кылдат баалуу таштардан жасалган» тактылар үстүндө. Маңдай-тескей жазданышкан болот. (Вакыа Сүрөсү, 15-16)

Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. (Вакыа Сүрөсү, 28-29)

Жайылып-созулган көлөкөлөр, токтобой аккан суу(лар); жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). Бийиктерге салынган төшөктөр. (Вакыа Сүрөсү, 30-34)

Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүндө орноп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 31)

Комментарий жиберүү