Валид Муаллем: Иран Сирияны колдоп келди, бирок араб туугандар аркабыздан сокку урушту

Валид Муаллем: Иран Сирияны колдоп келди, бирок араб туугандар аркабыздан сокку урушту

Сириянын тышкы иштер министри Иран Сириянын террорчуларга каршы күрөшкөн өнөктөштөрүнүн башында турарын айтып, “Иран Сирияны колдоп келди, бирок араб туугандар аркабыздан сокку урушту”, – деп билдирди. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем шаршемби күнү “Al Mayadeen” каналы менен болгон маегинде Сирия өлкөсүнө байланышкан маселелер жана аймактык окуялар тууралуу сүйлөдү. Анда ал Сириянын Араб Лигасына кайтаруу маселесине токтолуп, бул уюмга мүчө мамлекеттерге тиешелүү маселе экенин, бирок алардын кабыл алган чечими Америка өкмөтүнөн көз…

Прочитайте больше

Нидерландыдагы «Сауд Аравия» көчөсү «Хашогги» болуп өзгөртүлдү

Нидерландыдагы «Сауд Аравия» көчөсү «Хашогги» болуп өзгөртүлдү

Нидерландынын Гаага шаарындагы Эл аралык Amnesty International уюмунун бөлүмү бул шаардагы «Сауд Аравия» көчөсүнүн атын «Хашогги» көчөсү кылып өзгөрттү. Бул тууралуу «ParsToday» агенттиги жазды. Аталган уюм бул аракет саудиялык журналист Жамал Хашоггинин атын унуттурбоо максатында жасалгандыгын кечээ, 2-октябрда билдирди. Стамбулда дагы Хашоггинин өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага катышкан журналисттер жана маалымат каражаттарындагы активисттер Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунун алдына Хашоггинин эстелигин орнотушту. Эске салсак, саудиялык сынчы-журналист Жамал Хашогги 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда…

Прочитайте больше

ИШИМдин үй-бүлө мүчөлөрүн ким кабыл алууга даяр?

ИШИМдин үй-бүлө мүчөлөрүн ким кабыл алууга даяр?

Австралия ИШИМге кошулуп кеткен жарандарынын үй-бүлөлөрүн кайра мекенге кайтарууга шашылбайт. Бул тууралуу  “Fars News” агенттиги британиялык “Daily Mail” гезитине шилтеме берип маалымдады.Берилген маалыматтарга караштуу, Австралиянын ИШИМ террордук тобуна кирип кеткен жарандарынын үй-бүлөлөрү жана жакындары учурда Сириянын аль-Хаоль лагеринде баш калкалашууда. ИШИМдин үй-бүлө мүчөлөрү, алардын ичинде аялдар менен балдар бардыгы болуп 66 адам экени жана Австралиянын премьер-министри Скот Морисон аларды өлкөгө кайттырууга такыр шашылбаганын аталган гезит жарыялады. Ал эми Австралиянын ТИМ жетекчиси Марис Пен 2-октябрда АВС агенттигине берген маегинде…

Прочитайте больше

Өзбекстан Бажы биримдигине кошулууга даярдыгын билдирди

Өзбекстан Бажы биримдигине кошулууга даярдыгын билдирди

Орусия Федерациясынын Кеңешинин президенти Өзбекстан Бажы биримдигине кошулууга даяр экенин кабарлады. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Валентина Матвиенко Өзбекстандын мыйзам чыгаруу кеңешинин төрагасы Нурдинжан Исмаилов менен Ташкентте жолугушту. Белгилей кетсек, бул жолугушууда Өзбекстандын Евразия бажы биримдигине кошулуу маселеси каралган. Орусия Федерациясынын Кеңешинин президенти Ташкенттин бажы биримдикке кошулууга көргөн даярдыктарын алкап, тез арада бул маселе чечилээрин билдирген. Эске салсак, учурда бажы биримдигине Беларусь, Казакстан, Армения, Орусия, Кыргызстан өлкөлөрү мүчө болушкан.

Прочитайте больше

ИИРдин Башкы прокурорунун ШКУдагы сүйлөгөн сөзү

ИИРдин Башкы прокурорунун ШКУдагы сүйлөгөн сөзү

Мухаммад Жафар Мунтазери Бишкекте өткөн ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн Башкы прокурорлорунун 17-отурумунда сөз сүйлөдү. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен“Андай адамдар кудуретке жеткен соң, жер бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү кыйратууга аракет кылат. Алллах бузукулукту жакшы көрбөйт.” (Бакара 205-аят)Кыргызстандын урматтуу Башкы прокурору Өткүрбек Жамшидов.ШКУнун урматтуу мүчөлөрү жана ардактуу меймандар.Алгач өзүм жана коштоочуларым тараптан Кыргызстандын урматтуу башкы прокурору Жамшидов мырзага жылуу тосуп алуусуна терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле бул отурумдун уюштуруучуларына жана ШКУнун башкы катчысына рахматымды айтып…

Прочитайте больше