Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

“Өзбек фильм” улуттук агенттиги Борбор Азиядагы кино тартылуучу ири борбор ачыларын билдирди.  Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Ташкенттеги филиалы кабарлады.Белгилей кетсек, “Өзбек фильм” менен Даниянын Danmon grouр кино компаниясы тасма тартуучу техникалык жабдыктарды жана системаларды жаңылоо боюнча келишим түзүштү. Эки тарап ошондой эле тасма тартучу жабдыктарды экспорттоо, даректүү тасма жана мультфильмдерди тартуу боюнча кызматташууга кол коюшкан.  Берилген маалыматтарга караштуу, бул долбоор 2020- 2021-жылдары жүзөгө ашырылмакчы. Буга кошумча Ташкентте Борбор Азиядагы эң ири кино тартылуучу борбор түзүлүүсү караштырылууда….

Прочитайте больше

БУУ:Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 100 миңдеген адамдар жер которду

БУУ:Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 100 миңдеген адамдар жер которду

Бириккен Улуттар Уюму кечээ, 11-октябрда Түрк армиясынын Сириянын түндүк-чыгышында баштаган аскердик операциясынан кийин бул аймактардагы 100 миңге жакын адам жер которуп кеткенин маалымдады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. БУУнун билдирүүсүнө караганда, учурда лагерлерде жана мектеп имараттарында жайланышып жаткан адамдардын саны өсүүдө. Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Түрк армиясынын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясынан улам Рас-эль-Айн жана Эт-Телль-эль-Абьяд шаарларынын 70 миңдей тургуну жер которуп кеткенин маалымдаган. Чегарасыз дарыгерлер уюму дагы Эт-Телль-эль-Абьяд шаарындагы жалгыз оорукана андагы…

Прочитайте больше

Эфиопиянын премьер-министри Нобель сыйлыгына ээ болду

Эфиопиянын премьер-министри Нобель сыйлыгына ээ болду

Эфиопиянын премьер-минстри 2019-жылдын Нобель сыйлыгына татыды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Нобель сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Аби Ахмад Алиге Эритреядагы чегаралык  талаш-тартышты тынчтык жолу менен чечүүдө эл аралык кызматташтыгы үчүн ыйгарылган. Эске салсак, Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи ар жылы Норвегиянын борбор калаасы  Ослодо өткөрүлөт. Аби Ахмад премьер-министрлик кызматына Эритреяда тынчтык орнотом деген урааны менен жеткен жана ал шайлоолордогу жеңишинен соң, Эритреяга барып, ал жердеги келишпестик маселелерди чече алган. Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы тынчтык…

Прочитайте больше

Владимир Путин Түркия армиясынын Сирияга жасаган аскердик чабуулун сынга алды

Владимир Путин Түркия армиясынын Сирияга жасаган аскердик чабуулун сынга алды

Орусиянын президенти Түркиянын Сириянын түндүк-чыгыш аймагына кол салуусу боюнча билдирүү жасады. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Владимир Путин Түркиянын Чыгыш Эфратка жасаган аскердик чабуулу аймактагы ИШИМ террордук мүчөлөрүнүн качууларына себеп болоорун эскертти. Белгилей кетсек, Орусия президенти Түркия армиясы Сириянын чыгыш аймактарын тез арада көзмөлгө алууга жетишээрине ишенбесин кошумчалаган. Эске салсак, Түркия өз армиясын “Террорчулукка каршы күрөшүү” жана “Сирия менен Түркиянын чегарасын тазалоо” деген шылтоолор менен 9-октябрда Сириянын түштүк-чыгыш аймагына кол салууга жиберген. Сирия өкмөтү бул операцияга каршылыгын…

Прочитайте больше

Сауд Аравиясы мунайдан алчу 2 млрд. доллар кирешесин жоготту

Сауд Аравиясы мунайдан алчу 2 млрд. доллар кирешесин жоготту

Сауд Аравиясы өткөн айдагы энергетикалык объектилерине болгон кол салуудан кийин, мунайдан алып турчу 2 млрд. доллардан ашык кирешесин жоготту. Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги кабарлады.Өткөн айда Саудиянын мунай объектилерине болгон кол салуу өлкөнүн тарыхындагы ири кол салуу болду. Серепчилердин жана эксперттердин ОПЕКке берген маалыматтарына караганда, Сауд Аравиясынын мунай өндүрүшү сентябрь айында андан мурунку айга караганда күнүнө 1,3 млн. баррелге азайган. Бирок, Сауд Аравиясы мунай өндүрүшүн күнүнө 660 миң баррелге гана азайды деп жарыялады. Саудия мунай өндүрүшүн чабуулга…

Прочитайте больше