Багдадда башаламандык токтотулду

Багдадда башаламандык токтотулду

ЖМКалар Ирактын борбор калаасындагы митингдер токтогонун кабарлашты.  “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү ЖМКалар Багдаддын “Тахрир” майданында башталган митинг токтотулганын жарыялады. Белгилей кестек, ирактыктардын быйылкы элдик митингдеринин 2-толкуну 25-октябрда башталган. Митингчилер өлкөдөгү экономикалык жагдайга, жумушсуздук, жетекчиликтеги коорупцияларга нааразычылыктарын билдирип чыгышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, учурда митинг токтоп, Ирак парламентинин жетекчилери 26-октябрда  кезексиз жыйын өткөрүү менен митингге чыккандардын талаптарын караштырышмакчы.

Прочитайте больше

Лавров: Сирияда НАТОнун көзөмөлүндө коопсуз аймак түзүү идеясы пайдасыз

Лавров: Сирияда НАТОнун көзөмөлүндө коопсуз аймак түзүү идеясы пайдасыз

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын түндүк-чыгышында НАТОнун көзөмөлү астында коопсуз аймак түзүү идеясы эч пайда алып келбейт деп билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. ТАСС агенттиги маалымдагандай, Лавров Норвегияга жасаган сапарында сөз сүйлөп, “Ушул аптада НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун кээ бир мүчөлөрү Сирияда коопсуз аймак түзүү идеясын колдойт деп кызык билдирүүлөрдү жасады. Алар НАТО өзүнө жоопкерчилик алып, Сириянын түндүк-чыгышында коопсуз аймак түзөт  деп айтышууда. Албетте, бул идеядан эч пайда жок. Дамаск жана…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков: Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө эч ким тана алгыс тарыхый орду бар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө эч ким тана алгыс тарыхый орду бар

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чарага катышууда. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу агайын-туугандар! Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында аты аңыз болуп айтылып, даңкы далай жерге жеткен, журт сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, сый–урматка арзыган улуу адамдар бар. Кыргыз мамлекетинин түндүгүн көтөрүп, өз өлкөсүнүн келечеги үчүн өмүрүн сайып койгон, тарыхый инсандардын элеси — замандаштарыбыздын, урпактардын эс тутумунда түбөлүк жашап калуусу керек. Ошондо…

Прочитайте больше

Небензя: Сириянын эгемендигин жана бүтүндүгүн урматтоо керек

Небензя: Сириянын эгемендигин жана бүтүндүгүн урматтоо керек

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Сириядагы кырдаал боюнча Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сириянын бардык аймактарында Дамаск өкмөтүнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин сактоого чакырды. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “RT” агенттигине шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Сирия боюнча туруктуулукту калыбына келтирүү жана Сириянын борбордук өкмөтүнүн өлкө боюнча эгемендик орнотуу маселелси Орусия менен Түркиянын ортосундагы Сириянын түндүк-чыгышы боюнча акыркы макулдашуусунда негизги темалардын бири болгон. Ал Сириядагы күрттөрдүн маселесин чечүү Дамасктын өлкө боюнча көзөмөл орнотуусун калыбына келтирмейинче мүмкүн эмес деп…

Прочитайте больше

Малайзиялык уюм сионисттик режимди Эл аралык кылмыш сотуна берет

Малайзиялык уюм сионисттик режимди Эл аралык кылмыш сотуна берет

Малайзиялык “Менин экономикам” деп  аталган бир уюм сионисттик режимди Палестина элине жасаган согуштук кылмыштары үчүн Эл аралык сотко берүүнүн аракетинде.  ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, бул уюмдун жетекчиси эл аралык кылмыш сотунун жетекчилери менен Гаагада болгон жолугушуусунда сионисттик режимдердин жынаяттарын далилдеген иш кагаздарды аталган сотко чогултуп берээрин билдирген. Локман Шариф Ильяс ушул айдын башында сионисттик режимдин кол салууларынан эң көп жабыркаган палестиналык 3 аймак боюнча отчет жыйнаганын жана эл аралык кылмыш сотунда сионисттик режимге каршы күбө бере…

Прочитайте больше