Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айыппул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүм 30-октябрда чыкты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн. Журналисттерге кыска комментарий берип өкүмгө макул эместигин, адвокаты кийинки инстанцияга кайрыларын айтты. Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик…

Прочитайте больше

Аргентиналык дипломат МАГАТЭнин башкы директору болду

Аргентиналык дипломат МАГАТЭнин башкы директору болду

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Аргентинанын дипломаты Рафаэль Гросси Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрүнүн добушу менен башкы директор болуп дайындалганын билдирди. “IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов бул тууралуу Twitter баракчасына жарыялады.Рафаэль Гросси Аргентинанын Австриядагы элчиси жана МАГАТЭнин мурунку башкы директорунун жардамчысы болгон. Буга чейин маалымат каражаттары Юкия Амано дүйнөдөн өткөндөн кийин Словакиянын өзөктүк мониторинг уюмунун учурдагы жетекчиси Марта Зякова, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин убактылуу башкы директору Корнел…

Прочитайте больше

Орусия Тажикстанга 5 млн долларга аскердик жардам көрсөттү

Орусия Тажикстанга  5 млн долларга аскердик жардам көрсөттү

Орусия Тажикстанга кайтарымсыз түрдө 320 миллион рублга же 5 миллион долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын берди. Орусия Борбордук аскер округунун башчысы Александр Лапиндин айтымында, тажик армиясы радиолокациялык станцияга, чопкутталган заманбап аскердик унааларга ээ болду. Аскердик техникалар тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган. Орусиялык басылмалардын билдиришинче, 2017-жылы Орусия Коргоо министрлиги Тажикстанга кайтарымсыз түрдө кургактан жана абадан коргонуучу курал-жарактарды, медициналык жана басмакана жабдууларын берген. Быйыл февралда Тажикстан дагы 9 миллион долларга бааланган абадан коргонуучу каражаттарга ээ…

Прочитайте больше

HRW: АКШнын санкциялары ирандыктардын саламаттыгына коркунуч жаратууда

HRW: АКШнын санкциялары ирандыктардын саламаттыгына коркунуч жаратууда

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму кечээ, 29-октябрда АКШнын Иранга каршы экономикалык санкциялары Иран элинин саламаттыгына коркунуч жаратууда деп билдирди. Бул тууралуу «IRNA» агенттиги жазды. «AFP» агенттиги маалымдагандай, аталган эл аралык укук коргоо уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча жетекчиси Сара Лия Уитсон «Америка бийлигинин аткаминерлери Иран элин колдойбуз деп билдиришет, бирок ошол эле учурда алардын санкциялардагы иш-аракеттери  ирандыктардын саламаттыкка болгон укугуна, анын ичинде алардын зарыл болгон дары-дармек алуу мүмкүндүктөрүнө зыян келтирүүдө», – деп билдирди. Анын айтымында,…

Прочитайте больше