Өмүрүн өз элине арнаган имам Хомейни

Адамзат цивилизациясынын тарыхында жөнөкөй  адамдардын күчү жана колдоосу менен репрессиялык мамлекеттик түзүлүштүн маңызын өзгөрткөн көп эле революция же ыңкылаптар болгон.

Алардын айрымдары жарандык жана эл аралык согуштарга айланып кеткендигин да унутпоого тийишпиз.

Ирандагы Ислам Революциясы баардык ыңкылабдарга үлгү

Мисалы, 1949-жылы 1-октябрда Кытай коммунисттик партиясынын (ККП)  лидери Мао Цзэдун Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүн жарыялаган. Бул 1911-жылдан бери өлкөдө улантылып келаткан ККП менен Улутчул партиянын ортосундагы башаламандыкка чекит коюп, бүгүнкү өнүгүп келаткан КЭРдин пайдубалын түзгөн.

Ал эми 1791-жылдын 21-августунан баштап, 1804-жылдын 1-январына чейин улантылган Гаити революциясы бир гана азыркы Гаити мамлекетинин түптөлүүсү жана жергиликтүү элдин сырткы колонизаторлордун мизин кайтаруусу менен аяктабастан, дүйнө жүзүндөгү кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө каршы күрөштү баштаган. Анткени гаитиликтердин эркиндикке умтулуусу кийин Америкадагы миңдеген кулдардын өз эркиндиги үчүн умтулуусуна дем-күч берген.

Ошондой эле 1848-жылы Европа континентинде башталган  революция феодальдык башкаруу системасын жокко чыгарып, Европадагы демократиялык түзүлүштүн башаты болгон. 1953-1959-жылдары Кубада болгон революция Батист башында турган авторитардык өкмөттү жеңүү менен аяктаган.

1917-жылы Россияда болгон Улуу октябрь социалисттик революциясында орус императору Николай II тактан кулатылып, лкд Социализмдин орношуна негиз түзгөн.

1979-жылы феврль-март айларында жеңишке жетишкен Иран Ислам Революциясы өз элин эзип, кордук көрсөткөн, АКШ тарабынан колдоого алынган Реза Шах Пехлевинин бийлигин кулатып, өлкөнүн исламдык жолго түшүүсүнө жол салган. Ирандагы Ислам революциясы өзүнүн маңызы боюнча диктатуралык системаны гана өзгөртпөстөн, адамзат тарыхында биринчи ирет ислам дининин, шариаттын негизинде мамлекетти түзсө боло тургандыгын далилдеди жана кырк жылдан ашык убакыт өтсө да жашап келатат жана Ирандын дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулуусунун башаты болууда.

Андыктан революция тарыхтын маанилүү окуяларынын тизмесин тастыктаган эле даталар болбостон, адамзаттын турмушундагы өсүп-өнүгүүнүн, цивилизациянын табигый көрүнүшү катары бааланууда.

Бирок жогоруда айтылгандай, эмне үчүн дүйнөдөгү супердержава деп аталган АКШнын колдоосуна таянган, жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн мунайдан жана газдан тапкан миллиарддаган доллар менен эсептелген байлыгы, курал-жарагы бар өзүн шахиншах (шахтардын шахы) деп жарыялаган Реза Пехлевинин бийлиги акыр аягы кулады же жалгыз куралы идеология болгон имам Хомейни жеңишке жетишти? Себеби өз элине эмес, чет жактагы колдоочуга таянган диктатор мамлекеттин өзөгүн түзгөн карапайым калкты аёосуз эзип, байлыгын талап-тоноп, күчкө, курал-жаракка гана таянган жана имам Хомейни мекенчилдиги, билими, акылмандыгы, эли менен мамлекетинин келечегин ойлогондуктан, ошол элдин эбегейсиз колдоосуна ээ болуп, ал  куралдан да бакубат күчкө айланып, жеңишке жетишти.

Ирандагы Ислам Революциясынын ийгилиги менен жеңишинин сыры туруктуулукта, ишенимде, ишеним үчүн күрөштө, өз күчүнө ишенгендикте, кекирейгендик менен текебердикке каршы күрөштө, адилеттүүлүккө умтулууда, жан аябоодо жана дин үчүн башын сайган имам Хомейнинин миллиондогон карапайым ирандыктарды артынан ээрчитип, идеологиясына ишендирип, жол башчыга айлануусунда болгон.

Албетте, Кудайга, исламга жана Ирандын жалпы элдик колдоосуна таянган азрети имам Хомейни ири державалар колдогон зулум жана кубаттуу шахтык режимди кулатышын көпчүлүк эл аралык коомчулук таң калуу менен кабыл алышкан. Чындыгында 2500 жылдан бери бийлик жүргүзүп келаткан режимди жер менен жексен кылуу ойго келбеген окуя болчу. Өз кезегинде Ирандагы Ислам Революциясы жөн гана жеңишке жетишпестен, АКШнын 40 жылдан бери улантылып келаткан эл аралык санкциясына карабастан, маданий-социалдык, экономикалык, илимий-техникалык жактан тынымсыз өнүгүп келатышы, Азия материгиндеги алдыңкы, дүйнөдөгү экономикалык көрсөткүчү боюнча 17-орунга чыгышы, башка да революциялар менен мамлекеттерге үлгү боло алат.

Имам Хомейнинин өмүр жолу

Тарыхтын чен-өлчөмү менен алганда, адам өмүрү бир тамчы сыяктуу эле өтө кыска аралык. Бирок ошол жашоосун жеке өзүнө эмес, эли менен мамлекетине арнап, бүтүндөй бир системаны өзгөртүү менен жалпы адамзатка үлгү көрсөткөн инсандар чанда кездешет. Аларды тарыхый жагдай жаратып, эл тарабынан жолбашчы, гений деген атак берилген. Ал эми булардын бири да көр дүйнө, мансапка умтулбастан, жөнөкөй, жупуну жашап өтүшкөн. Рухолла Аль-Мусави Аль-Хомейни 1902-жылы 24-сентябрда Ирандын борбору Тегерандан үч жүз чакырым алыстыктагы Хомейн шаарында туулган.

Атасы сейит Мустафа Мусавиден өткөн Мусави аты анын теги жетинчи ыйык жана аруу имам Муса Каземге, демек Мухаммед пайгамбарга барып такалат. Болочок имамдын 1868-жылы дүйнөдөн өткөн чоң атасы сейит Ахмедди Кашмирде туулгандыктан Хинди (Индиялык) деп аташкан. Ал дин илимин ыйык Нежеф шаарында (Иракта) үйрөнүп, андан соң Хомейнге келип, жергиликтүү помещик Юсеф-Хандын кызына үйлөнүп, биротоло туруп калган. Бирок атасын 47 жашында жалданган кишилер атып кетишкен. Мухаммед пайгамбар сыяктуу Рухолланы да жашынан жетим калтырган бул өлүмдүн башка да версиялары көп. Аны Ирандын болочок шахы Резахан өлтүргөн деген болумуш да бар. Болочок имам жаш кезинен эле зээндүү болгон. Башталгыч диний мектепте жана үйдө агаларынын жардамы менен кооз жазганды, араб тилин, дин илиминин башатын жана перс адабиятын үйрөнгөн. Ошол кездеги каракчылык заманда эжесинен да, энесинен да ажыраганда Рухолла болгону 15 жашта эле.

Улуу агалары томолой жетим инисинин окууга дилгирлигин колдоп, 1920-жылы Арактагы атактуу аалым Хаери Яздинин дин мектебине киргизип коюшат. Кийинки жылы ал устаты менен кошулуп ыйык Кум шаарына кетет. 23 жашында ага дин илими боюнча сабак өтүүгө укук берген мужтахид наамы ыйгарылган.  Хомейни ошол кезде эле шах Пехлевилердин династиясына каршы саясый күрөш менен алектене баштаган. Мындай ишмердүүлүгү үчүн 1930-жылдардын ортосунда Кумдагы диний окуу жайында ислам  ислам укугу жана философиясы боюнча лекция окууга тыюу салынган. 27 жашында өзүнүн окутуучусунун кызы Хадижа Сагафи айымга үйлөнгөн. Хадижа айым менен ал Кумда өзүнүн медресесин ачып, Хомейниге берилген студенттердин катары көбөйө баштаган. Жашыруун окутуучулук ишмердүүлүгү жана ислам дини тууралуу илимий эмгектерди жазышы Хомейнинин рухий кадыр-баркын жогорулатып, 1950-жылы “аятолла” деген илам дининин шиит агымындагы жогорку наамга ээ болгон.

Алгачкы жеңиштер жана куугунтук

1962-жылы Хомейни өлкөнүн өкмөт башчысынын аймактык жана жергиликтүү коомчулуктар тууралуу мыйзам долбоорунан баш тартууга мажбурлаган иш таштоонун башында турган. Ал эми 1963-жылы январда шахтын “Ак революция” деп аталган референдумун өлкөнүн ислам нормаларына негизделген Конституциясына ылайык келбей тургандыгын жүйө келтирип, элди бойкот жарыялоого үндөгөн.

1964-жылы октябрда Хомейни кайрадан камакка алынып, Түркияга жөнөтүлгөн. Түркиядан Хомейни алгач Ирактагы Нежеф шаарына, андан кийин, 1978-жылы Парижге орун которуп, ал жакта шах режимине каршы күрөшүн уланткан.

1979-жылдагы Революция жана Иран Ислам Республикасынын түзүлүшү

Имамдын уулу Мустафанын табышмактуу өлүмү жана аятолланын дарегине жазылган мыскылдаган макала Иранда чоң нааразычылыкты жаратып, көпчүлүк эл манифестацияга чыгып, көптөгөн мунай ишканалары ишин токтотуп койгон. Бул окуялардан бир айдан аз гана убакыт өтүп, 1979-жылы январда шах үй-бүлөсү менен Ирандан биротоло чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми 31-январда имам Хомейни өзүнүн шакирттери менен Франциядан Иранга учуп келип, Тегерандагы аэропортто аны миллиондогон карапайым ирандыктар тосуп алышкан.

11-февралда шахтын көзөмөлүндөгү армия каршылык көрсөтүүсүн токтоткон. 14-февралда аятолла Хомейни жетектеген “Улуттук фронт” түзүп, Иран Ислам Республикасы жарыяланган.

Даярдаган Э. Момунов.

Комментарий жиберүү