Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга эксперттик топ жиберет

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйшөмбү күнү коронавирустун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга келерки жумада адистердин тобу жөнөтүлөрүн билдирди.

Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысы Тедрос Адханум билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.
Тедрос Адханом Женевада өткөн маалымат жыйынында, “Баардыгын, анын ичинде вирустун келип чыгышын дагы билгенден кийин, биз аны менен жакшы күрөшө алабыз. Жакында бул маселени иликтөө үчүн Кытайга команда жиберебиз”, – деди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы бул кадам вирустун кандайча жайылып жаткандыгын түшүнүүгө жана дүйнөнү келечектеги инфекцияларга даярдоого жардам берет деген үмүттө экендигин билдирди.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн Ухань шаарында белгисиз вирус чыкканын маалымдашкан. Андан бери Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму “COVID-19” деп атаган аны коронавирус дүйнө жүзү боюнча жайылды.

ДССУ 2020-жылдын 11-мартында коронавирусту эпидемия деп жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондон ашык адам коронавирусту жуктурган жана дүйнө жүзү боюнча андан каза болгондордун саны 504 миңден ашты.

Комментарий жиберүү