Иран коронавирустун вакцинасын адамдарга сынай баштайт

Ирандын Саламаттык сактоо жана билим берүү министри Саид Намаки Иран COVID-19дун вакцинасын өндүрүүдө абдан натыйжалуу кадамдарды жасаганын жана жакында бул вакцина адамдарга сынала башталарын билдирди.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады.

Намаки Тегеранда өткөн “Pharmex West Asia 2020” деп аталган эл аралык фармацевтикалык көргөзмөнүн ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө ирандык изилдөөчүлөр коронавирустун вакцинасын өндүрүүгө аракет кылып жатышканын айтты. Анын айтымында, вакцина жаныбарларга ийгиликтүү сыналды жана жакында ал адамдарга сынала баштайт.

Ал ошондой эле өлкө ичинде дары-дармек жана медициналык жабдуулар өндүрүшү көбөйгөнүн айтып, Иран санкциялардан улам түзүлгөн оор шарттарда дагы негизги дары-дармектерди өндүрүүдө эч кандай кыйынчылыктарга туш болбогонун баса белгиледи. Намаки Иран натыйжалуу дары-дармек жана сырье өндүрүү боюнча аймактагы эң күчтүү мамлекеттердин бири экендигин белгиледи. 

“Бүгүнкү күндө Иран окумуштуулардын жана илимге негизделген компаниялардын аракеттери менен фармацевтикалык сырьенун ири экспортерлорунун бири болуп саналат”, – деди министр. Анын айтымында, дүйнөдө коронавирус кеңири жайылган учурда Иран жаштардын жана өндүрүш ишканалардын аракеттери менен 60 күндүн ичинде коргоо жана дарылоо үчүн керектүү буюмдарды импорттогон өлкөдөн бул буюмдардын ири экспортеруна айланды.

“Pharmex West Asia 2020” эл аралык фармацевтикалык көргөзмөсү бул тармактагы өндүрүүчүлөрдүн жана адистердин катышуусу менен ачылды.

Комментарий жиберүү