Иран Трампты Интерполдун издөө тизмесине киргизди

Иран бийликтери генерал Сулайманини өлтүргөндүгү үчүн АКШнын президентинин камалышын талап кылышууда.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Иран Ислам Революциялык Сакчылар Корпусунун (IRGC) генералы Касем Сулейманинин өлтүргөндүгү үчүн анын Интерполдон эл аралык издөөгө алынышын талап кылды.
“Касем Сулейманини террордоо  планына катышы бар 36 адамды аныктоого мүмкүн болду, алардын арасында АКШнын жана башка өлкөлөрдүн саясий жана аскер ишмерлери бар”,- деди Тегерандын прокурору Али Мехр.
 Прокурордун айтымында, бул адамдарга “киши өлтүрүү” жана “терроризм” боюнча айып тагылууда. “Тизменин башында АКШнын президенти Дональд Трамп турат”, – деп кошумчалады ал.
Иран сот бийлигинин белгиленген адамдарды жоопко тартуу жана Интерпол аркылуу кызыл статус жарыялоо чечими дүйнө жүзүндөгү укук коргоо күчтөрүнүн бул жаатта кызматташууларына таянууда.
Эске салсак, АКШ Сулейманини жок кылуу операциясын 3-январда Багдадда жүргүзгөн. Буга жооп катары Иран америкалык аскерлер жайгашкан Ирактын базасына ракеталык сокку урган.

Комментарий жиберүү